Аллегория

Википедия дан

Аллегория (б.-грек. ἀλληγορία — башкача сүйлөм) —адабият менен искусство чыгармаларында сүрөттөөнүн, образдарды каймана мааниде берүүнүн жолу. Түшүнүктөрдү, нерсени каймана мааниде берүү тамсилдерге мүнөздүү. Дүйнө адабиятынын тарыхында ар бир эл жашоо тиричилигине, тарыхына, шартына ылайык ар түрдүү каймана түшүнүктөрдү пайдаланышкан. Бул алардын туу, гербдеринде да кез¬дешет. Аллегориялык сүрөттөө өөзеки адабиятта кеңири пайдаланылган. Алар көбүнчө тамсилдерде кездешет. Тоголок Молдо жалкоо адамды «Иттин доолдай тиктирем дегени» тамсилинде иттин аллегориялык образы менен каймана мааниге өткөрөт.

Аллегория(Философия)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аллегория өз пикирин билдирүүнүн шарттык формасы. Аллегория түшүнүгү символ түшүнүгүнө жакын, алардын ортосундагы чек конкреттүү учурларда талаш болушу мүмкүн. Алардын айырмачылыгы символ көп маанилүү жана чектелүү ал эми ошол кезде Аллегория түшүнүгү кандайдыр бир акыл-эстин формуласы катарында пайда болот. Философиянын тарыхындагы Аллегориянын ролу эллинизм доорунан баштап көптөгөн аракеттер менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine