Алмонд Габриэл

Википедия дан

Алмонд Габриэл (1911) – америкалык саясат таануучу. Саясатты изилдөөдө функционалдык методду колдонгон. Структуралык функционализмдин негизги түшүнүктөрдү Алмонд «Политика развивающихся регионов», 1968-ж. (Коулман менен бирге) эмгегинде иштеп чыккан. Алмонд саясий системаны коомдогу бирине-бири көз каранды эмес топтордын биригип аракет кылуу системасы деп эсептейт. Алмонддун ою боюнча бардык системалар эки фазалык функцияны өткөрөт: а) функция – аракетке келтирүү, б) функция – жыйынтыктоо, тыянактоо, корутундулоо. Биринчи – аракетке келтирүү – төрт функцияны ишке ашырат: 1) коомдо саясий социализацияны өткөрөт; 2) коомдогу кызыкчылыктардын артикуляциясы 3) коомдогу кызыкчылыктардын агрегациясы; 4) саясий бириктирүү, байланыш, саясий коммуникация. Экинчи – жыйынтыктоо, корутунду чыгаруу – үч функцияны өткөрөт: 1) коомдогу жаңы тартиптин нормаларын иштеп чыгуу; 2) нормаларды колдонуу; 3) нормаларды сактоону көзөмөлгө алуу. Биринчи функцияны мамлекеттик бийликке кирбеген органдар аткарат: басым көрсөтүү топтор, саясий партиялар, көз каранды эмес басма сөз органдары. Экинчи функцияны мамлекеттик органдар аткарат. Алмонд биринчи функцияны аракетке келтирүүгө анализ жасайт да, саясий социализация менен саясий бириктирүү коомдогу саясий сферанын эффективдүүлүгүн аныктайт деген жыйынтыкка келет. Анын ою боюнча саясий маданият элдин фундаменталдуу түшүнүктөрүн камтыйт, коомдо негизги байлык болуп эсептелет. Алмонддун структуралык функционализм методун колдонуу саясий системаларды салыштырып изилдөөдө төмөнкүдөй корутундуга алып келет: Саясий системалар, биринчиден, коомдогу структуралардын функцияларынын өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Экинчиден, коомдогу структуралардын ар биринин ар түрдүү функцияларды аткаруу жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат.

Китептин маалыматтары: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9