Алур (эл)

Википедия дан

Алур (өз аты: жоалур; алуа, алулу, лури) — түштүк луо тобуна кирген нилот эли. Конго Демократиялык Республикасында жана Угандада жашайт. Алар Альберт көлүнүн түндүк-батыш жана түндүк жээгинде мекендейт.
Саны КДР 920 миң адам (2000), Угандада 530 миң адам (2002).

Тил

Эни тили — алур же жоалур (анын ичинде йокот, нан, мамбиса, ваниоро диалектилер). Нил-сахара макробүлөсүнүн курамындагы Чыгыш Судан бутагынын нилот тобуна кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат (ата-бабалар культу, тотемизм).

Чарбалык иштер

Негизги кесиптери кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (элевсина, жүгөрү, буурчак өсүмдүктөрү, кунжут, маниок) жана малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал). Жер чарба түздүктө өнүккөн, малчылык — тоолордо. Аңчылык жана балык уулоо (кургакчылыкта).


Кол өнөрчүлүк

Темир устачылык, жыгачтан оюу, килем жана себет токуу.

Коом

Коомдук түзүлүштүн негизин коңшулук-уруу жамааты түзөт. Мурда уруулук бирикмелер жана касталык бөлүнүү болгон.

Тарых

15-кылымга чейинки алурдун ата-бабалары. Эль-Газаль менен Ак Нил дарыяларынын кошулган жеринде жашап, андан соң азыркы Уганданын аймагына көчүп, ал жерде жергиликтүү ленду жана мади уруулары, ошондой эле банту элдери (бира, бенди ж. б.) менен ассимиляцияланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Попов В. А. Алур // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]