Алымкан

Википедия дан

Алымкан Субан кызы (1874, Аксыдагы Бакаулак кыштоосу - 1942, Аксы) - Токтогулдун сүйгөн селкиси, “Алымкан” аттуу ырдын каарманы.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаштыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аксыдагы саруу уруусунан чыккан Субан аттуу бийдин кызы. Атасы төрт баланын ичинен Алымканды артыкча жакшы көрүп, жанына алып жүрүп, эркек балача тарбияланат. Он алтыга чыкканда сулуунун сулуусу, акылдуунун акылдуусу болуп чыга келет.

Токтогулдун сүйүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогулдун шакирти А. Үсөнбаевдин маалыматына таянсак, Токтогул Аксыга атактуу комузчу Борош уулу Ниязаалыга барып жүрүп, Кашкасуу жайлоосунан Алымканды көрүп, көзү түшөт. Бирок Алымканды атасы мурдатан кудалашкан Токтосун баатырдын иниси Бекинин Осмонаалы деген уулуна берет. Ошондо Токтогул сулууга болгон армандуу сүйүүсүн, күйүтүн:

Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң.
Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан азабың тартсам билбейсиң,
Бетегелүү майданым,
Пейили жакшы жайдарым!
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым!
Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кет,
Алымкан, карыпка кылбай кыйын иш.
Саркештеп тиккен жоолугуң,
Сарсанаа кылат жоругуң,
Көккештеп тиккен жоолугуң,
Көп санаа кылат жоругуң.
Токтогул черткен “Жаш кыял”
Тыңдасаң боло Алымкан,
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло Алымкан,
Аз күнчөлүк өмүрдө
Жыргасаң боло Алымкан! деп, ырынан бугун чыгарыптыр.

Ыр болсо калк арасында “Алымкан” деген ат менен элдик ыр шекилдүү ооздон-оозго көчө ырдалат. Ал эми Алымкандын турмушу өтө аянычтуу өтөт.

Кийинки тагдыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күйөөсү Осмоналынын калк арасында кадыр-баркы артып турганда Алымкандын сулуулугуна суктанган Жумаш аттуу жигит Осмоналыны үйүнө чакырып, бозого уу кошуп берип өлтүрөт. Жесир калган Алымканды сатыкейлер колдон чыгаргысы келбей Осмоналынын бир тууган агасы Өмүрбекке нике кыйышат. Өмүрбек да бул дүйнөдөн өтөт. Үчүнчү жолу Бокмурун аттуу таластык адамга турмушка чыгат. Андан Жусуп аттуу уулдуу болот. Мындан башка да Алымкандын үч уулу болгон. Бирок Жусуп он жашка чыкканда чарчап калат, күйөөсү Бокмурун да көп өтпөй эле жарык дүйнө менен коштошот. Алымкандын урпактары учурда Аксы аймагында жашашат.

Чыгармаларда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул менен Алымкандын махабаты тууралуу Т. Касымбековдун “Келкел” романында, “Алымкан” пьесасында, Ж. Бөкөнбаевдин “Токтогулдун өмүрү” аттуу көлөмдүү макаласында, Р. Шүкүрбековдун, Т. Абдымомуновдун ж.б. драмаларында, адабиятчылар Ж. Таштемировдун, Ш. Үмөталиевдин, П. И. Балтиндин илимий иликтөөлөрүндө баяндалган.

“Алымканды” алгачкылардан болуп А. Үсөнбаев, К. Досуевдер, кийин А. Малдыбаев обон чыгарып, оркестрдин коштоосунда ырдап чыгат. Таанымал обончу, ырчы, комузчу Б. Эгинчиев да обон жаратат. Кыргыз Республикасынын эл артисти М. Өмүрканованын аткаруусунда өзгөчө колоритке ээ болуп, аны эл артисттери А. Жумабаев, М. Баетов, А. Малдыбаев, кийинки муундагылар С. Суранчиева, С. Садыкова ж. б. ушул күнгө чейин ошол авазда аткарылып келүүдө.

Алымканга арнап Токтогул ошондой эле “Миң кыял” аттуу күү да чыгарган. Бул күүнү укканда жаркын маанай, таза махабаттын шаттыгы, шаңы элестейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5