Алымкул Жакшылыков

Википедия дан

Жакшылыков Алымкул [1890, Бишкек уезди, Ак-Суу болушу (азыркы Сокулук району, Белек айылы) – 1938, Фрунзе) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоого активдүү катышкандардын бири. Советтик партиялык мектепти (1928–30), Орто Азия коммунисттик университетинин курсун (1933, Ташкент), Москва социалдык жер иштетүү академиясын (1935) бүтүргөн. 1916–17-ж. Чөмүч суу сактагычында жумушчу болуп эмгектенип, орус революционерлери менен таанышкан. 1918-ж. большевиктер партиясына өтүп, Сокулук аймагын большевиктик алгачкы парт. ячейканы уюштурган. 1920-жылдан «Жарды-жалчы» уюмунун, ревкомдун, Сокулук, Аламүдүн райондорунун аткомунун, Сокулук райондук жер-токой бөлүмүнүн, ВКП(б)нин Фрунзе шаардык, Аламүдүн, Нарын райондук жумушчу-дыйкан инспекцияларынын төрагасы, жооптуу секретары, контроль комиссиясынын жооптуу секретары, «Кыргыз токой» трестинин директору болуп иштеген. Кыргыз АССР БАКтын мүчөсү (1936). 1936-ж. жалган жалаа менен партиядан чыгарылып, 1937-ж. 30-декабрда атууга буйрулган. 1957-ж. акталган. Сокулук аймагында кедейлерге жер бөлүштүрүү, отурукташтыруу, колхоздоштуруу, мектеп куруу иштерин жетектеген. Сокулук районунун борборундагы мектеп-гимназияга ысмы берилип, айкели орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1