Алымкул Үсөнбай уулунун фольклордук-этнографиялык музейи

Википедия дан

Алымкул Үсөнбай уулунун фольклордук-этнографиялык музейи (Манас району, Карарча айылы) 1974-ж. элдик демилге менен айылдагы А. Үсөнбаев атындагы орто мектепте «Айыл тарыхы» музейи деген аталышта уюшулган.

1991-ж. музей жаңы имаратка көчүрүлүп, ачылуу аземине өкмөт жетекчилери катышкан жана музей азыркыча аталган.

Музей 2 кабаттуу имараттын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн (жалпы аянты 250 м2) ээлейт. Музейде 895 экспонат коюлган (айылдан чыккан атактуу инсандардын өздүк буюмдары, сүрөттөр, этнографиялык буюмдар, инсандардын өздөрүнөн жазылып алынган магнит тасмалары ж. б.), көргөзмө залы, төкмөлөр, жазуучулар, «Манас» жана манасчылар, комуз жана комузчулар, театр жана артисттер бөлмөсү, этнография, фоновидео бөлмөлөрү бар.

Музей негизинен айылдын тарыхына, ошол айылдан чыккан белгилүү инсандарга, төкмө ырчыларга, жазуучуларга, манасчыларга, комузчуларга, театр артисттерине, айылдын алдыңкы адамдарына, окумуштууларга, спортсмендерге ж.б. арналган. Алардын ишмердиги, чыгармачылыктары, басып өткөн жолу кеңири чагылдырылып, сүрөттөр менен коштолгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.