Альпинизм

Wikipedia дан
Альпинизм.jpg
Альпинизм.jpg

Альпинизм — тоо чокуларына чыгуу спорту. Альпинизм адамды чечкиндүүлүк, өзүн башкара билүү, эрктүүлүк, күчтүүлүк, чыдамкайлык ж. б. сапаттарга тарбиялайт. Альпинизмди туура уюштуруу ден соолукту бекемдөөнүн жана активдүү эс алуунун пайдалуу каражаты боло алат. Бийик тоого чыгууда тоо шартынын татаалдыгы альпинисттердин нерв жана күч жагынан даярдыгын талап кылат. Бийик тоого чыгууда организмге патологиялык өзгөрүүлөрдү пайда кылуучу негизги фактор — кычкылтек жетишсиздиги (караңыз Гипоксия). Ал дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасынын функцияларынын кескин бузулушуна алып келет. Айрыкча дем алуу функциясынын өзгөрүшү (тез-тез үстүртөн дем алуу, анын ыргагынын бузулушу) байкалат. Тамакка табит тартпай, уйку начарлайт, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана борбордук нерв системасында өзгөрүштөр болушу мүмкүн. Альпинисттердин органдарындагы жана системасындагы бузулуулар жана өзгөрүүлөр, тез өтүп кетүүчү, убактылуу мүнөзгө ээ. Бул өзгөрүүлөрдүн деңгээли альпинисттин организминин жеке касиетине жана машыгуусуна байланыштуу. Бийиктикке көнүгүү үчүн ар кандай бийиктикте жайгашкан альпинисттик лагерлерде болуу (баскычтуу акклиматизация) максатка ылайык.

Альпинизм менен машыгууда сөзсүз врачтык байкоодо болуу зарыл. Альплагердин дарыгери алгачкы медициналык текшерүүнү тоого чыгуунун алдында жана чыккандан кийин жүргүзөт. Тоого чыгуунун бул же тигил татаалдыгына жиберүүнү врач текшерүүдөн кийин уруксат берет. Врач көнүгүүнүн тууралыгына жана альпинисттердин атайын машыгууларына көз салат; тамактануу рациону айрым тоого чыгуулардын шартына жана татаалдыгына карата түзүлөт.

Альпинисттин кийими тоого чыгуу татаалдыгына ылайык келип, жеңил, ыңгайлуу, сууктан, шамалдан жана жаан-чачындан жакшы сактоого тийиш. Бутка булгаарыдан жасалган чак ботинка, көзгө атайын көз айнектерди кийүү зарыл.

Альпинисттердин тамагы калориялуу болуп (4500—5000 ккал), күнүнө 4—5 жолу (мүмкүн болушунча жылуу) ичүү керек. Тоо шартында көмүртекти өздөштүрүү жакшырып, майды сиңирүү начарлайт, ошондуктан тамакта майды азайтып, углеводду көбөйтүү зарыл. Тамагына ышталган азык-түлүк, шокалад, кант, С жана В тобундагы витаминдер, катытылган нан, жемиштер кошулат. Катышуучулардын күч жана техникалык жактан даярдыгынын жетишсиздиги, топтун туура эмес тандалышы, маршруттун татаалдыгын эске албагандык, буюм, кийим, тамак-аштын сапатынын начарлыгы жана жетишсиздиги, врачтык көз салуунун жоктугу түрдүү кырсыктардын себеби болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8