Андыген, өзөн

Википедия дан
Андыген
Мүнөздөмө
Узундугу 41 км
бассейндин аянты 193 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Андыген суусуБаткен ооданындагы суу, Исфара суусунун сол куймасы.

Узундугу 41 км, алабынын аянты 193 км2. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы Андыген ашуусунан башталат. 64 майда куймасы бар, эң ириси – Жилкан. Май айында кире баштап, октябрда тартылат.

Жылдык орточо чыгымы 1,08 м3/сек. Жээгинде Говсувар кыштагы жайгашкан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2