Аралык

Wikipedia дан

Аралык — кандай объект үчүн аныкталып жаткандыгына көз каранды болгон геометриялык түшүнүк.

Каалагандай A, B эки чекитинин ортосундагы аралык — аларды туташтыруучу түз сызыктын AB кесиндисинин узундугун туюнтуучу |AB| терс эмес саны. Чекиттен түз сызыкка же тегиздикке чейинки аралык — ал чекиттен түз сызыкка же тегиздикке түшүрүлгөн перпендикулярдын узундугу, ал эми жарыш 2 түз сызыктын же тегиздиктин, кайчылаш 2 түз сызыктын ортосундагы аралык ал түз сызыктарга (тегиздиктерге) жүргүзүлгөн жалпы перпендикулярдын кесиндисинин узундугу болот. A(x,y) жана B(x1 y1) чекиттеринин ортосундагы аралык |AB|= формуласы менен аныкталат.


Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004