Арканга чыгуу

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 3—6 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө, дарактуу жерлерде өткөрүлөт.

Оюнда аркан колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар аркандын бир жак учун даракка бекем байлашат, экинчи учу жерге тийбей асылып турушу керек. Андан кийин оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден макулдашыш кан ыкма менен аркандын белгиленген жерине чейин чыгышып, кайра жерге түшүшөт. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Арканга оюндун шартын бузбай, бат чыгып кайра түшкөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү: Баканга чыгуу, түркүккө чыгуу, устунга чыгуу, темир шыргыйга чыгуу, терекке чыгуу.

Оюндун эрежеси, арканга жакын турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун шартын жана кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда колдонуучу аркандын сапаты жакшы, аркандын асты жумшак, башка буюмдар болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, ийилчектик, чыдамкайлыкка тарбияланат, тырышчаактыкка, кайраттуулукка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]