Оюн

Wikipedia дан

Оюн – мотиви натыйжасынан эмес, жүрүшүнөн көрүнгөн жемишсиз иш-аракеттин бир түрү.
Оюндун чыгышы - магиялык–культтук мүдөөлөргө же организмдин тубаса биологиялык муктаждыктарына, эмгек процессине байланыштырылат. Оюн- бул адамдардын жана жаныбарлардын ишмердүүлүктөрүнүн бир түрү. Жаныбарлар дүйнөсүндө оюн – бул жаш жаныбарлардын эволюциялык өнүгүшүнүн айрым бир баскычында пайда болуучу жашоо тиричилигинин бир формасы. Балдардын оюну – бул тарыхый өнүгүүдө пайда болуучу балдардын ишмердүүлүктөрүнүн бир түрү, улуулардын аракеттерин жана өз ара мамилелеринин чагылдырууга, буюм жана социалдык чындыкты таанып билүүгө багытталган, балдардын дене-тарбиясы, акыл жана адеп-ахлак тарбия каражаттарынын бири. Оюн– бул маданияттын жана этнографиянын тарыхы, педагогика, психология жана башка. ар кандай илимдердин изилдеп үйрөнүүсүнүн предмети болуп эсептелет.

Жаныбарлар да ойнойт

Оюндун пайда болуусунун социалдык, жаратылышы, ички түзүлүшү жана баланын өсүп өнүгүшүндөгү мааниси жөнүндөгү теориялык изилдөөлөрдүн үстүндө Л. С. Выготский, А. Н. Леонтьев, Д. Б. Эльконин жана башка. чоң эмгектенишкен. Саякатчы жана этнографтардын изилдөөлөрүндө коомдогу балдардын абалы жөнүндө бай материалдар топтолгон. Коомдун өнүгүүсүн алгачкы баскычтарында адамдар таякчалардын жардамы менен мөмө-жемиштерди кагып жана казып жеп күн көргөн мезгилдерде оюн болгон эмгек. Балдар уюмдардын жашоо-тиричилигине эрте аралашып, тамак аш табуунун жана каражаттарды пайдаланууну улуулардан үйрөнүшкөн. Мергенчилик, мал чарбачылык, жерди иштетүүгө өтүү курал-жарактардын татаалданышы алгачкы адамдардын коомунун пайда болушуна, коомдогу балдардын абалынын өзгөрүшүнө алып келген.

Улуулар балдарга чоң адамдардай эле мамиле жасашкандыктан балдар эрте эле өз алдынча аракеттенишкен. Ошондуктан улуулар чоң адамдар пайдаланган каражаттардын кичиртилген түрлөрүн даярдашкан (бычак, жаа, чокмор, аркан жана башка.). Ошентип оюн көнүгүүлөр пайда болгон. Балдардын колдонгон каражаттары алардын өсүшү менен бирге чоңойгон. Адамдардын коомунда өнүгүшү, өндүрүштүн өркүндөшүнө байланыш эмгек каражаттарынын татаалданышы коомдогу эмгектин бөлүнүшүндө, балдардын жашоо-турмуштагы абалына чоң таасир эткен. Балдардын татаал өндүрүшкө катыша албагандыгы бара-бара айлана-чөйрөдөгү жашоо-тиричиликти, эмгек каражаттарын чагылдыруучу оюнчуктардын пайда болушуна алып келген. Баланын жекече өнүгүшүндө оюн чоң мааниге ээ. ОЮНаркылуу баланын айлана-чөйрөгө болгон мамилени, аракети, акыл-сезими, моралдык, эрк жана башка жалпы инсандык сапаттары калыптанат. Ошондуктан, ОЮНбаланын өсүп-өнүгүшүндө эң негизги ишмердүүлүк болуп эсептелет.

Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн (дидактикалык кыймылдуу), улуулар атайы түзгөн же сюжеттик-ролдук бир муундан экинчи муунга калтырылган Оюндар пайда болгон. ОЮНаркылуу балдар улуулардын жардамы менен байкабастан керектүү билимге, көнүгүүлөргө ээ болот. Башталгыч мектепте сюжеттүү-ролдуу Оюн экинчи планга жылып, баланын негизги ишмердүүлүгү окуу болуп калат. Оюндарда кенже класстагы балдар күчтүүлүктү, эрктүүлүктү, шамдагайлуулукту жана башка. сапаттарды чагылдырган баатырдык мазмундагы сүйүктүү ролдорду аткарышат, Мисалы, космонавт, саякатчы, альпинист, манастын чоролору жана башка. Бара-бара балдардын жашоо-турмушунда интеллектуалдуулук жана спорт Оюндары маанилүү орунду ээлеп, күчтүү, шамдагай, чыдамкай, эрктүүлүгү жана башка. сапаттары өркүндөйт.


Балдарды тарбиялоодо элдик мурасты туура пайдалануу өсүп келе жаткан муундардын денесин чыңдоого, аларды адептүүлүккө тарбиялоого, турмушка көнүктүрүүгө, улуттук маданияттарды жакындаштырууга жана байытууга чоң көмөк берет.Элдик Оюндар элдик тарбиянын ажырагыс бөлүгү. Оюндар кенже курактан баштап балдарды элди, жерди, мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, акыл-эстүүлүккө, баатырдыкка,чечкиндүүлүккө, эрктүүлүккө тарбиялоодо элдик педагогиканын кылымдан бери адатка айланган талабы болгон.

Азыркы кезде да элдик Оюндар жаш муундардын турмушка алгачкы даярдоо процессинин негизги фактору бойдон калууда. Оюндар Оюнга катышуучулардын кеңири ой жүгүртүүгө эске тутуп билүүгө, чыгармачылык менен элестете билүүгө, байкагыч - баамдагычтыкка, туруктуулукка, чечкиндүүлүккө, кыраакылыкка, тапкычтыкка, айлакердикке, эпчилдикке, ийкемдүүлүккө, шамдагай-шайырлыкка, шайдооттукка, ар кандай шартта токтоолукка, эрктүүлүккө, эр жүрөктүүлүккө, тыкандыкка, тез тыянак чыгара билүүгө жана башка. бардык Оюндар тарбия берүүнүн комплектүү каражаттарынын бири болуп эсептелет.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004