Асанбек Ажибеков

Википедия дан

Ажибеков Асанбек Сармашаевич (1947-ж. туулган, Нарын району, Лакол айылы) — зоо-техника, айыл чарба илимдеринин доктору (1995).

1964-ж. Ысык-Көл техникумун, 1972-ж. КМУнун экономика факультетин бүткөн.
1965—1972-ж. Тянь-Шань тажрыйба станциясында эсепчи, 972—73-ж. Кыргызстан ИАнын экономика институтунда кенже илимий кызматкер, 1976—78-ж. Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын директорунун илимий иштер боюнча орун басары, 1978-жылдан Кыргыз мал чарба илим изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, лаборатория жана бөлүм башчысы, директордун илимий иштер боюнча орун басары, директору.
Heгизги илимий изилдөөлөрү бийик тоолуу шартта кроссбред жүндүү кой чарбасынын асыл тукум базасын түзүү, эт, жүн өндүрүү технологиясы; асылдандыруу иштеринин теориялык жана практикалык маселелерин иштеп чыгууга арналган.

90дон ашуун илимий эмгектин автору (анын ичинде 6 китеп, 7 буклет жана 5 өндүрүштүк сунуш). Кыргыз агрардык академиясынын президиумунун жана академиялык кеңештин, докторлук диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңештин мүчөсү.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.