Аспапташтыруу

Википедия дан

Аспапташтыруу (инструментовка) - музыкалык чыгарманы оркестрдин (симфониялык, үйлөмө, эл аспаптары ж. б.), аспаптык топтун, түрдүү камералык ансамблдердин аспаптары үчүн жазуу. Аспапташтыруу композиторлор тарабынан оркестрдеги (квартет, трио) аспаптардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен музыкалык чыгармалардын идеялык-эмоциялуу мазмунун таасирдүү чагылдыруу максатында пайдаланылат. 17-18-кылымда өнүккөн. Башка аткаруучу состав үчүн жазылган чыгармаларды оркестрге салуу көп учурда оркестрлештирүү деп аталат. Аспапташтырууга К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине түшүрүлгөн М. Огинскийдин «Полонези», Ф. Листтин «Венгр рапсодиясы» мисал. Аспапташтыруу музыкалык окуу жайларда жана консерваторияларда программа боюнча окутулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1