Ассимметриялык синтез

Википедия дан

Ассимметриялык синтез - оптикалык жактан аракетсиз жана ассимметрия борбору жок заттардан оптикалык активдүү бирикмелер пайда болуучу химиялык процесс. Ассимметриялоочу агенттин (оптикалык активдүү бирикмелер) же кандайдыр бир физикалык факторлордун катышуусунда жүрөт. 1904-жылы немец химиги В. Марквольд оптикалык активдүү метилэтилуксус кислотасын 1-жолу алган. Жарым-жартылай ассимметриялык синтезге алкендерди же карбонил бирикмелерин гидрлөө, галогендөө кирет. Ассимметриялык катализ практикалык чоң мааниге ээ. Ал гербициддерди, оптикалык активдүү ментолду, амин кислотаталарды, кантты алмаштыруучу заттарды, Паркинсон оорусун дарылоочу гидроксифенилаланинди жана башка синтездөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1