Атмосферанын стратификациясы

Википедия дан

Атмосферанын стратификациясы - температуранын жана нымдуулуктун тик багыт боюнча бөлүнүшү. Тропосферада температура бийиктеген сайын орто эсеп менен ар бир 100 мге 0,6° төмөндөйт. Жер шарынын аймактарындагы массалар тынымсыз кыймылда болгондуктан температуранын тик багыт боюнча градиенти дайыма өзгөрүп турат. Кээде бийиктеген сайын абанын температурасы өтө төмөндөйт. Мисалы, ар бир 100 м сайын 1°С. Мындай учурда атмосферанын стратификациясы туруксуз. Температуранын тик багыт боюнча градиенти эң эле аз же өзгөрүүсүз бир калыпта (изометрия) сакталат, кээде бир аз жогорулашы (инверсия) мүмкүн. Мындай абал атмосферанын туруктуу стратиграфиясы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1