Атония

Википедия дан

Атония (гр. atonia - шалкаюу, былбыроо) - скелеттеги жана ички органдардагы булчуңдардын жыйрылышынын начарлашы.

Атонияга чалдыккан булчуң жана орган чымырдыгын, чоюлгучтугун жоготуп, алардын функциялык иши .төмөндөп же токтоп калышы мүмкүн. Атония нерв жана эндокрин системаларынын иштешинин бузулушунан келип чыгат. Организмде зат алмашуу процесстеринин бузулушунан (ачкалыктан) алсыроо да буга көмөктөш болот. Жемсөөнүн, жумурдун, ичегинин, карындын, өт кабынын, тогуз каттын, жатындын ж. б. Атония дарттары кезигет. Дарттын өтүү убактысына жараша жаңы жана өнөкөт Атония деп экиге бөлөт. Бул дарт кыш жаз айларында малда, бакма кугптарда жана энеси жериген музоо, козуларда учурайт. Малды Атониядан сактоодо аларга аш болумдуу тоют берип, кышкысын жылуу сарайга багуу керек. Ылаңдаган малга, куштарга жылма булчуңдардын жыйрылышын күчөтүүчү жана ич алдыруучу дарылар берилет же операция жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.