Ат жабдыктын жасалыш тарыхы

Википедия дан
         Ат   жабдыктарынын жасалыш тарыхы.

Ат жабдыктары - ат минүүгө керектүү буюмдар ээр, жүгон, нокто, ат жабдуу,камчы, үзөнгү,көмөлдүрүк, куюшкан,басмайыл,желдик,тердик,ичмек,каптырга,көрпөчө.Булардын ар бири өзүнчө жасалып,бир бүтүнгө бириктирилет.
Ээр- ат жабдыктарынын негизи.Үзөңгү ,куюшкан ,айрым учурда көмөндүрүк тагылып,атка басмайыл менен тартылат,ат минген кишиге отургуч милдетин аткарат.Ээрдин негизги бөлүгү;алдыңкы жана арткы кашы,каптал жыгачтары,чарасы же карсаны. .
Ээр карагай,тал,терек,кайыңдан байтеше менен сомдолу,керки менен чабылат.Ээр чабылышына карай оймо,аштама,курама ээрге айырмаланат.Даяр болгон ээр сууга кайнатылып тазартылып,май шыбап, жалынга кайсатып алса, жыгач жарылбай мүйүздөй катуу кургайт.Ээрди жыгач усталар чаап, зергерлеп кооздойт.Аны чылгый төөнүн териси менен кыналга каптап койсо, ал өтө бекем болот. Ээрди он жана сол каптал жыгачтарынын алдыңкы уч жагына эки тогоо тагылып, аларга көмөлдүрүктүн эки учу байланат, арткы уч жагына төрт тогоо тагылып, аларга куюшкандын эки учу байланат.Каптал жыгачтарынын орто ченинен үзөңгү боо өткөрүлө турган төрт бурчтуу тешикче жасалат. .
Көмөлдүрүк-токулган ээр артка жылып кетпес үчүн аттын омуроосунан алынуучу өрүлгөн же катталып кыйылган кайыш.Бир учу ээрдин аттанар жагындагы чакаракка,башка учу экинчи жактагы тогоого бекитилип , көмөлдүрүктүн өлөң тили , жүрөкчөсү, учундагы кош сүзмөсү чакарактар аркылуу туташат. Капталдары кайыштан чачыланып , үстү күмүш, жез, темир, колодон асемделип кооздолот. .
Куюшкан – туюк жагы аттын куйрук астына келип , эки бөлөк жагы соорудан кайчылашып учу ээрдин арткы чакарактарына же куткунуна бекитилүүчү өрмө же катталган кайыш.Эңкейиште ээрди аттын мойнуна жылмыштырбайт. .
Канжыга- ат үстүндө ар кандай нерсени байлоо же бөктөрүү үчүн ээрдин эки жак капталынан арткы четине бекитилген ичке кош кайыш. .
Үзөңгү- ээрдин эки капталындагы атайын көзөнөктөргө үзөңгү боонун жардамы менен тагылат.Ал унаага минерде же түшөрдө бутка таканч болуп, кишинин ээрге омоктуу отурушуна шарт түзөт. .
Ичмек- кийизден жалаң кат жасалып , аттын терин синирип, жоор болудан сактайт.Тердиктин таза турушуна шарт түзөт. .
Желдик- ээрдин каптал жыгачтарынын кынала өлчөнүп, бир нече катталып, катуу шырылган кийизден жасалат.Сырты булгаары менен капталып, бири-бирине эки кайыш менен кошоктолуп, ээрден башка болот. .
Тердик- ээрдин каптал жыгачтарынын аттын жонуна түшүүчү басымын женилдетүүгө ылайыкталып, жоордон сактайт. Ичи кийизден жасалып, сыртына булгаары капталат. .
Басмайыл- ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Кайыштан жасалып, токулганы бекитүү үчүн аттын белинен тартылат. .
Көрпөчө- үч катталып ээрге салынуучу төшөк.Жүгөн атка катылат. Анын өрмө жана кайыма түрү болот. Өрмө жүгөн ичке тал-тал тилинген кайыштардан 5.7.13.өрүм болуп , кайыма жүгөн 4см.тилинген эки кат кайыштан четтери ичке көк, тарамыш же кайыш менен кыйылып жасалат .Жүгөн жаак, тумшук, сагалдырык, сагак байлооч, шили, суулук, ооздуктан турат.Атты ийкемдүү башкаруу жана байлоо үчүн жүгөн нокто колдонулат. Нокто да жүгөндөй эле жасалат.Анын ооздугу болбойт. Ат байлоо, жетелөө үчүн колдонулат