Ат үстүнөн саламдашуу

Википедия дан

Ат үстүнөн саламдашуу — тең аталыкты, укугу, даражасы бирдейликти мүнөздөй турган жосун. Адатта эң жогорку даражалуу адамга (канга) көз каранды адамдар алыстан атынан түшүп, жөө келип салам айткан, ат үстүнөн саламды зоболосу бирдейлер гана айта алган. Көкөтөйдүн ашында Кошой баш болгон кыргыз кандары Манаска баш ийгендеринин белгиси катары жөө келип салам берет. Чоң казаттын астында Манаска каршы аттанган кыргыз кандары аны көргөндө коркуп аттарынан түшүп келип салам айтышат. Жалгыз гана Төштүк Манаска баркы бар зобололуу баатыр катары ат үстүнөн салам айтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4