Афины акрополу

Википедия дан

Афины акрополу - Байыркы Афинынын зыярат борбору жана чеп. Дүйнөдөгү эң ажайып архитектуралык ансамблдердин бири, акрополдун классикалык үлгүсү катары белгилүү. Афинынын борборунда бийик жерде батыштан чыгышка карай созулган аянтта (300 х 130 м) орун алган. Биздин заманга чейинки 12-кылымга чейин Афины акрополу сепил болгон. Андан табылган байыркы табылгалар неолит жана мезолит мезгилине таандык. Биздин заманга чейинки 6-кылымга таандык Афины Полиаддын (Гекатомпедон, 570-566) храмынын пайдубалынын калдыктары, Эски Парфенон аталган Артемида ыйык жайы (6-4-кылым) жана башкалар сакталып калган. Биздин заманга чейинки 480-жылы Периклдин тушунда перстер тарабынан талкаланган Акрополду калыбына келтирүүдө бирдиктүү план иштелип чыгып, Грекиянын улуу скульптору Фидиянын жетектөөсү менен ишке ашкан. Биздин заманга чейинки 406-жылы бүткөрүлгөн Эрехтейон храмынан тышкары, акрополдун негизги курулмалары биздин заманга чейинки 449-421-жылы тургузулган. Биздин заманга чейинки 447-жылы архитекторлор Иктин жана Калликрат Акрополдун негизги маанилүү имараты Афинага (согуш кудайы) арналган Парфенонду курууга киришкен. Имараттын жанына Афинанын коло статуясы (скульптору Фидий) тургузулган. Биздин заманга чейинки 437-432-жылдары архитектор Мнесикл Акрополдун кире беришине салтанаттуу Пропплеп (колонналар менен бириктирилген эки портик) курган. Анын батыш тарабында Ппнакотека (живопистик чыгармаларды сактоочу жай), түштүгүндө анчалык чоң эмес Нпкп храмы орун алган. Парфенонго жакын Эрехтейон храмы (Биздин заманга чейинки 421-406-жылы курулган) жайгашкан. Акрополдо түрдүү кудайларга арналып тургузулган ыйык жайлар көп. 5-кылымдын аяк ченинде курулган Ники Антерос храмы тургузулган соң, Акрополдун курулушу аяктаган. 1456-жылы Афиныны түрктөр басып алгандан кийин Афины акрополу пашанын резиденциясына айланган: Парфенондо мечит, Эрехтейондо хан сарай, Пропплейде ок-дары кампасы жайгашкан. 1687-жылы Афины акрополун венециялыктар курчоого алган учурда Парфенонго замбиректин огу тийип, талкаланган. Учурда анын түштүк-чыгыш тарабында Акрополь музейинин имараты жайгашкан. Афины акрополу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1