Ача-Кайыңды

Ача-Кайиңды, Ат-Башы району‎»‎ барагынан багытталды)
Айыл
Ача-Кайыңды
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын облусу
Район Ат-Башы району
Координаттар 41°08′29″ с. ш. 75°48′37″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 3712[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Ача-Кайыңды (Кыргызстан)

Ача-КайыңдыКыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айыл. Ача-Кайыңды айыл аймагына кирет.

Ача-Кайыңды айылы
Ача-Кайыңды 1961 жылы

Деңиз деңгээлинин 2100 м бийиктикте жайгашкан. Чыгыш жагынан Баш-Кайыңды, батыш жыгынан Терек-Суу, түштүк жагынан Ат-Башы айылы менен чектеш. Ат-Башы суусунун куймасы, Ача-Кайыңды суусунун боюнда жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Ат-Башы кыштагынан 3 км түштүк тарапта.

Ача суусу Ат-Башы дарыясына кошулуп, Чеч-Дөбө мазары аркылуу аккан Кара-Коюн суусу менен Ат-Башы ГЭСИ аркылуу Нарын дайрасына куят. Ача-Кайыңды айылы 1958-жылга чейин Ой-Терскен айылы деп аты-лып, Баш-Кайынды айылдык Советинен бөлүнгөндөн кийин айылдын аты Ача-Кайынды деп аталып калган. Айылга Ача-Кайыңды деп ат коюлушунун себеби Ача-Кайыңды суусу айылдын батыш тарабынан агып, Ат-Башы суусуна куюп турат.

Айыл 1930-жылы oтурукташтырьшып, көчмөн элдерди чогултуу менен отурукташтырылган. Отурукташтырылгандан кийин колхоздун атын Орозбеков атындагы колхоз деп аташкан, колхоздун башкармасы болуп Сартбаев Турдакун иштеген. Т.Сартбаевдин терт атка кошуп алып соко менен чийген изи боюнча көчөлөр калтырылып айыл курулган.

1932-жылы Орозбеков атындагы колхоз үч колхоз болуп кайра бөлүнгөн, Ача-Кайынды, Ой-Терскен, Жаңы-Талап колхоздоруна Өмүрзаков Эсе налы, Көбөнов Ишенбай, Тилекматов Осмондор алгачкы правлениянын башкармасы болуп шайланышкан.

1933-жылы колхоздор кайрадан бириктирилип Ой-Терскен айылдык кеңеши болуп, кеңештин биринчи төрагасы болуп Орозобаев Турдалы, андан кийин Жантемиров Абдралы иштешкен.

Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана, байланыш бөлүмү бар.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы ― 3712 киши (2009-жылы)[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1