Бал

Wikipedia дан
Бал
Нектар жыйнап жүгөн аары
аары уясы (аарынын мом уясы)

Бал — аарылар тамак өндүрүмүнө айландырган гүл нектары. Бал — азыктык, биологиялык жана дарылык жактан баалуу тамак өндүрүмү. Анын негизги составдык бөлүгү (69%) — инверсияланган канттан (глюкоза менен фруктозанын аралашмасы) тургандыктан ал оңой сиңет. Азыктык жана биологиялык жакшы касиеттерине карабастан аны ашыкча колдонууга болбойт. Балдын негизги составдык компонентин органикалык кислоталар (сүт, алма, лимон, козу кулак кислоталары), ферменттер (диастаза, каталаза, инвертаза, липаза, фосфатаза) жана витаминдер комплекси түзөт.

Бал медицинада[оңдоо]

Ал элдик медицинада, кээ бир учурда эч негизсиз эле кеңири колдонулат. Бирок карындын жана он эки эли ичегинин кээ бир жара ооруларында, жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларында врач сунуш кылат, бул учурда оң таасирлер байкалган. Аарынын тиричилик аракетинин өндүрүмдөрүнө — гүл чаңчасы, апилак, прополис жана башка чоң көңүл бурулууда. Гүл чаңчасында ар кандай биологиялык активдүү заттар болуп, бир катар ооруларды дарылоодо колдонулат. Апилак (жумушчу аары безинин секрети) тонусту көтөрүүчү жана антисептик таасирге ээ; артерия басымына таасир этет. Таблетка түрүндө чыгарылат. Прополис же аары желими микробго каршы таасири бар, тери ооруларын, күйүктү, тамак сиңирүү органдарынын ооруларын, гинекологиялык ооруларды дарылоодо пайдаланылат. Гүл чаңчасын, апилакты жана прополисти врачтын кеңеши менен гана пайдалануу керек. Бал жакшы сакталуучу продукт. Балда канттын концентрациясы көп болгондуктан анда микроорганизмдер өөрчүбөйт, көпкө сакталат, айрым козу карын өөрчүшү мүмкүн.

Классификациялоо[оңдоо]

Балды ажыратуу:

  • ботаникалык келип чыгышы
  • географиялык келип чыгышы
  • товардык көрүнүшү
  • табийгый абалы (коюу-суюктугу)
  • түсү жана тунуктугу
  • даамы жана жыты .

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8