Балдардын курак мезгилдери

Википедия дан

Балдардын курак мезгилдери — түйүлдүктүн жана баланын өөрчүү (өсүү) мезгилдери. Баланын организминин өөрчүшү курсактагы (бойго бүткөндөн төрөлгөнгө чейин) жана төрөлгөндөн кийинки болуп 2 этапка бөлүнөт. Баланын төрөлгөндөн кийинки этабы шарттуу түрдө 6 мезгилге бөлүнөт:

  • ымыркай (4 жумага чейин),
  • эмчектеги бала (4 жумадан 1 жашка чейин),
  • наристе (1—3 жаш),
  • тестиер балдар (3—7 жаш),
  • жеткинчек (7 —12 жаш),
  • өспүрүм курак (12—18 жаш).

Ымыркай бала[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ымыркай мезгилде бала айлана-чөйрөнүн жаңы, түрдүү шарттарына көнөт, балдарда гормондук криз, физиологиялык сарык, физиологиялык салмактын азайышы, жыныстык криз, тукум куума оорулар, ымыркай гемолиз оорусу, асфиксия, пиодермия жана төрөттөн кийинки жабыркоолор кездешет. Ушул кезден баланын өзүнчө тамактануусу башталат.

Эмчектеги бала[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмчектеги мезгилде баланын айлана чөйрө шарттарына көнүүсү аяктайт. Бул мезгилде баланын денеси, психикасы, кыймыл-аракети, аң-сезими бат өсө баштайт. Эмчектеги балага оорунун алдын алуу — эмдөө жүргүзүлөт.

Наристе бала[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наристе мезгилде булчуңдар, лимфа органдары тез өсүп, балдардын кыймыл-аракети өтө күчөйт, жугуштуу оорулар менен көбүрөөк ооруйт.

Тестиер балдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепке чейинки мезгилде балдар коллективине барып, алардын интеллектуалдык өсүшү, кыймыл-аракети татаалданып, дене-турпаты өсө баштайт.

Мектеп окуучулары

Өспүрүм бала[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул мезгилде балдар менен кыздардын жыныстык өзгөчөлүктөрү пайда болуп, эс-акылы андан ары өөрчүшү менен мүнөздөлөт. Өспүрүм мезгилде балдардын ички секреция бездеринин функциясы тез өсөт. Бул мезгил балдардын нерв системасынын туруксуздугу менен айырмаланат, эс-акылы, түшүнүгү, ой жүгүртүүсү татаалданат. Айрым психикалык оорулар көбүрөөк кездешет. Ошондуктан ушул мезгилде балдарга бөтөнчө жумшак, этият мамиле жасоо зарыл. Баланын жашына жараша анатомиялык, физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү жана үйрөнүү окуу-тарбия ишин туура жолго коюуга, алардын дене түзүлүшүнүн, акыл-сезиминин туура өсүшүнө көмөк берет.

Боз бала - чоңурак иштерге отун сууга жарап калган учуру

Боз улан (бозой) - айыл аралап сөз тыңшап, кыздарга көз салып кала

Эр жигит - Үй бүлөө күтүп калган кез

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8