Баранский Николай Николаевич

Википедия дан

Баранский Николай Николаевич - (15. 7.1881, Томск 29. 11. 1963, Москва) экономик географ, коомдук ишмер. СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1939), Москва университетинин профессору (1929), РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1943), Социалистик Эмгектин Баатыры (1962). Москва коммерциялык институтун бүтүргөн (1914). Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941-43) Алматыда жашап, Казакстан педогогикалык институтунда эмгектенген. Ошол жылдары СССР ИАнын Казакстандагы филиалында География секторун башкарган. Москва мамлекеттик университетинде экономика география кафедрасын жана география факультетин уюштурган. СССРдин экономика географиясы боюнча окуу китептерди жазган. 1935-жылдан 16 жолу басылып чыккан 8-класс үчүн окуу китеби 1952-ж. СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Экономика география жана экономика картографиянын теориясы менен методологиясы, шаардын географиясы жөнүндөгү эмгектердин автору. Үч Ленин ордени ж. б. орден, медалдар менен сыйланган. Курил атындагы жанар тоолордун бирине Баранскийдин ысмы коюлган. Эмгектери: Экономическая география. Экономическая картография. 2-изд. М., 1960; Методика преподавания экономической географии. М., 1960; Научные принципы географии. Избр. труды. М., 1980; Огановлвнив советской-экономической географии. Избр. труды. М., 1980; Моя жизнь в экономической географии. М., 2001.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4