Бари (эл)

Википедия дан
Бари

Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 700 миң адам
Түштүк Судан — 600 миң
Конго Демократиялык Республикасы — 60 миң
Уганда — 30 миң

Тили

бари

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери, христианчылык (католиктер, протестанттар)

Расалык тиби

негроид

Кирет

нилоттор

Ба́ри — нилот эли. Алар негизинен Түштүк Суданда, Экватор провинциясында, Теракек шаарынан түштүктөгү Ак Нил дарыясынын жээгинде жана Джуба шаарына жакын жерде жашашат. Уганданын чек ара аймактарында (30 миңге жакын) жана Конго Демократиялык Республикасында (60 миң) ба́ри топтору бар.
Жалпы саны 700 миң адам. Ба́ри топторго бөлүнөт: каква, куку, поджулу, нбьянгбара, мандари, ньепи, лиго.

18-кылымда бари уруулары азанде менен мангбетунун союзу аркылуу Нилдин жогорку саванналарынан куулуп чыгарылган.

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бари тили Нил-сахара макробүлөсүндөгү кир-абба уясына нилот тобуна кирет.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жергиликтүү салттуу ишенимдерди (бабалардын, жердин, суунун, асмандын культтары; тотемизм) карманышат[1].
Христиандар КДРде (католиктер) жана Угандада (протестанттар) бар.

Чарбалык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги салттуу кесиби малчылык (зебу, кой, эчки). Ошондой эле кетмен менен иштетилген жер чарба (элевсина, маниок, жер жаңгак), аңчылык жана балык уулоо өнүккөн.

Бари элинин салттуу үйү. 1870-жж.

Кол өнөрчүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элдик кол өнөрчүлүк — терини алгачкы иштетүү, токуу, жыгачтан оюу (ата-бабалардын айкелдери, бет кап, баштыктар ж.б.).

Салттуу кийим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

20-кылымга чейин эркектер кийим кийишчү эмес. Алар денесин кызыл охра менен боёшчу. Аялдар өсүмдүк буласынан жасалган кыска алжапкычтарды кийишчү.
Азыр эркектер шым жана көйнөк кийишет. Аялдар кебезден узун көйнөк жана жезден жасалган билерик, шакек, чач так, тумар кийишет.

Тамак-аш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тамак-ашы жашылча жана сүт азыктары, эт сейрек желет, негизинен оорулуу же ырым-жырым үчүн союлган мал. Негизги диетаны ар кандай дан ботколору, жашылчалар, куурулган жаңгактар, жемиштер түзөт.

Коом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уруулардын бөлүнүшү сакталып калды. Үй-бүлө чоң, патриархалдык. Нике вирилокалдык. Көп аялдуулук кеңири таралган[2].

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бари, племя // Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона : в 86 т. (82 т. и 4 доп.). — СПб., 1890—1907.
  • Калиновская К. П. Бари // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. — М.: Большая российская энциклопедия, 1999. — С. 80—81.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. South Sudan - Religion
  2. Nyombe, Bureng G. V.; Nyombe, George V.; Nyombe, George Bureng (2007). Some Aspects of Bari History: A Comparative Linguistic and Oral Tradition Reconstruction. University of Nairobi Press. ISBN 9789966846976.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]