Баскынчылык

Википедия дан
Баскынчылык (агрессия)‎»‎ барагынан багытталды)

Агрессия (баскынчылык) (лат. aggressio – кол- салуу) – эл аралык укук боюнча, БУУ уставына каршы келчү, куралдуу күч колдонуу менен жасалган баардык укук бузуулар. Агрессия тууралуу жалпы аныктаманы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1974-жылдын 14-декабрында кабыл алынган документ тастыктап турат. «Баскынчылык аныктамасынын» 1-статьясына ылайык, «бир мамлекеттин бөлөк бир мамлекеттин эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө, саясий көз карандысыздыгына каршы аскер күчүн, же БУУнун уставына туура келбеген дагы башка нерселерди колдонуу менен жасаган аракеттери баскынчылык болуп саналат». Агрессия деген түшүнүк аскер күчүн пайдалануу демилгесин биринчи көтөрүүнү шарт катары белгилейт. Агрессия тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы жасалган эларалык эң оор кылмыштардын катарына жатат. КР аскер күчтөрү аркылуу чечилүүчү баскынчылык, кол салуу жана бөлөк жерге көз артуу сыяктуу максаттарды көздөбөйт. Мамлекет турмушун милитаризациялоону, башка мамлекеттерди көз каранды кылууну, согуш ачууну четке кагат. КР куралдуу күчтөрү өзүн-өзү сырт душмандардан коргоо максатында түзүлгөн. Сырттан кол салуу менен жармакташ коргонуу милдеттери байланыштырып турган мамлекеттерге жардам берүүдөн башка укуктар колдоого алынбайт. Куралдуу күчтөрдүн КР аймагынан сырткары аракет кылуусу КР ЖК чечими боюнча жүргүзүлүп, ал чечим жалпы депутаттар санынын 2/3 бөлүгүнөн кем эмес добушу аркылуу кабыл алынат. Куралдуу күчтү мамлекеттин ич ара саясий маселерин чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат. Аскер кызматкерлери мыйзамда каралган чекте табигый кырсыкты жоюу сыяктуу шашылыш чараларды жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн. КР жалпы кабыл алынган эларалык укуктарды сактоого, тынчтыкта жанаша жашоого, өзара кызматташууга, жалпы адамзаттык жана аймактык маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө умтулат. Элдердин тынчтыкта жанаша жашоосуна, улуттар аралык, же дин ишеними боюнча тирешүүлөргө баруу, жаңжал чыгаруу жана ага үгүттөө конституцияга каршы көрүнүш катары айыпталат. Агрессия кылуу жолдору тууралуу Кыйыр баскынчылык жана Тикелей баскынчылык дегендерден караңыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]