Башкарылма термоядролук синтез

Википедия дан

Башкарылма термоядролук синтез – башкарылма жана өзгөрмө шарттагы жогорку температурада энергия бөлүп чыгаруучу жеңил атом ядролорунун биригүү процесси. Башкарылма термоядролук синтез азырынча ишке аша элек. Кошулуучу ядролор 10-11 см аралыкка жакындаганда синтез процесси аткарылат, ошондон кийин туннелң эффектинин эсебинен биригүү процесси ишеничтүү жүрөт. Потенциалдык тоскоолду жеңүүдө кагылышуучу протонго ~10 КэВ энергия берилет, бул ~ 108 К температурага жакын. Ядронун (катар номери Z) заряды көбөйгөндө кулондук түртүлүү күчөйт жана реакция үчүн керектүү энергия көбөйөт. Шарттуу өз ара начар аракеттешүүчү (р, р) реакцияларынын натыйжалуу кесилиштери өтө кичине. Суутектин оор изотопторунун арасындагы реакциялык күчтүү өз ара аракеттешүү менен шартталып, кесилиш 22–23 тартипке жогору болот. Дейтерий менен тритийдин ядролору бириккенде 17,6 МэВ энергия чыгарат. Зор энергиянын чыгуусуна жана реакциянын чоң ылдамдыгына карата дейтерий менен тритийдин тең компоненттүү кошулмасынын башкарылма термоядролук синтез проблемасын чечүүдөгү мааниси зор. Тритий радиоактивдүү (жарым ажыроо мезгили 12,5 жыл) жана жаратылышта кезикпейт. Термоядролук реакторду иштетүү үчүн ядролук отун катары тритий кайра иштетилет. Ошол максат менен реактордун жумуш аткарылуучу зонасы суюк литийдин жеңил изотобу менен курчалат. Бул жерде 6Li+n>3H+4He+4,8 МэВ реакциясы жүрөт. Техникалык долбоор бойунча суюк литий реактордун жумушчу зонасында чыккан жылуулукту алып кетип муздаткычта сууну ысытат. Жолдо атайын сепаратордон бөлүнүп чыккан тритий реакторго берилип турат. (d, t) реакциянын өз ара аракеттешүү кесилиши 5 КэВ энергиясынан жогорулайт. Бул энергияга барабар температурадагы заттар плазма абалында болот. Ушул температурада дейтерий-тритий плазмасы белгилүү убакытка кармалып турат. Ал убакыт Лоусондун nT-критерийи аркылуу аныкталат. nT≥0,5∙1014см-3.с; Т~2∙108К болгондо (d, t) реакциясы жүрөт. Мында n - реакцияга катышкан жогорку энергиядагы бөлүкчөлөрдүн 1 см3 көлөмдөгү саны, T – бөлүкчөлөрдүн реактордо кармалган орточо убактысы.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек.
  • ISBN 9967-14-010-0