Баш келте

Wikipedia дан

Баш келте (бит келте) — адамдын катуу кармаган жугуштуу оорусу. Аны риккетсиялар козгойт.

Баш келтенин тарашы[оңдоо]

Жүрөк-кан тамыр жана борбордук нерв системаларын жабыркатат. Баш келте согуш, ачкачылык, жакырчылык жана башка социалдык кырсыктардан калктын жашоо, турмуш тиричилик шарты, санитариялык абалы өтө начар болгон жерде көп таралат. Ооруну бит таратат. Бит оорулуунун канын соргондо, андагы риккетсиялар биттин ичегисине кошо кирип көбөйөт. Андан соо кишиге өтүп, анын канын соруу менен ичегисиндеги риккетсияларды заңы менен кошо сыртка чыгарат (заңдайт).Ошол учурда бит чаккан жер кычышкандыктан киши тырмайт. Тырмаганда теридеги тытылган жерге түшкөн риккетсиялар канга өтүп, ооруну жугузат. Майда кан тамырларда риккетсиялар көбөйүп, бардык органдарга тарайт, уусун бөлүп чыгарып, бүт организмди уулантат.

Оорунун негизги белгилери[оңдоо]

Риккетсиялар организмге түшкөндөн кийин 5—25 (көбүнчө 10—12) күн оорунун белгилери байкалбайт. Ал жашыруун (инкубациялык) мезгил деп аталат. Оору капысынан, катуу башталат. Температура 39—40°ка чейин көтөрүлөт. Оорулуунун башы катуу ооруп, уйкусу качат, алы кетет, бети шишимик тартып, тамылжыйт, көздөрү жалтырап, деми кысылып, эриндери кызарат, денеси жанчылгандай болуп ооруйт, жүрөгү тез-тез согот. 4—6-күнү бүт денесине (беттен тышкары), айрыкча курсагы, колдору, буттарына кызамыкка окшогон майда темгил чыбырчык чыгат. Ал чыбырчыктар 2—3 күндөн кийин кетет да, алардын ордуна бир нече күнгө чейин тактар калат. Бул учурда оорулуунун жалпы абалы начарлап жөөлүйт. Жүрөгүнүн кагуусу начарлайт, кан басымы ылдыйлайт, тили кургап, суусайт, эсинен танышы мүмкүн. Боор, көк боор чоңоёт. 9—11 күн өткөндөн кийин акырындап оорулуунун абалы оңолуп, температурасы төмөндөйт, эсине келет, оорусу басаңдап, тамакка табити тартып, көңүлү ачылат, бирок оорулуунун толук сакаюусу көпкө созулат.

Оорудун алдын алуу[оңдоо]

Баш келтеден сактануу, айылдын мектебинде. АКШ, Техас, 1943 ж.

Оорулууну сөзсүз ооруканага жаткызуу зарыл. Өз убагында дарылабаса ар кандай кабылдоолорго — өпкөнүн сезгениши, мээ кабыгынын сезгениши менингит) жана башкаларга алып келиши мүмкүн. Оорунун алдын алуу үчүн санитария-гигиеналык эрежелерди туура, так сактоо, кир жуучу жайларды, мончо, жатаканаларды санитариялык көзөмөлгө алуу, оору чыккан жерди дезинфекциялоо, оорулуу менен болгон адамдарды мончого самындап жуунтуп, кийим, шейшептерин дезинфекциялоочу камерадан өткөрүлөт.

Биздин өлкөдө калктын жыргалчылыгы жана маданиятынын жогорулашынын натыйжасында баш келте дээрлик кездешпейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8