Бийиктик алкактуулугу

Википедия дан

Бийиктик алкактуулугу, бийиктик зоналдуулук - тоонун бийиктигине жараша табигый шарттардын жана процесстердин мыйзам ченемдүү өзгөрүшү.

Анын негизин климаттык кубулуштар түзөт; бийиктеген сайын күн радиациясынын институтенсивдүүлүгү күчөп, абанын температурасы (100 м де 0, 5-0, 6°), тыгыздыгы жана басымы төмөндөйт, нымдуулук белгилүү бийиктикке чейин көбөйүп, кайра азая баштайт. Климаттык алкакка байланыштуу тоодогу топурак, өсүмдүк, айбанаттар, агын суулардын көлөмү, рельефтин формалары, б. а. бүт ландшафт өзгөрөт. Тоонун эң төмөнкү алкагынын ландшафты ошол тоо жаткан кеңдик багыттагы географиялык зонага байланыштуу. Кыргызстандын тоо-лоруна жарым чөл жана чөл (550- 1000 м), кургак талаа (1000-1300 м), талаа жана шалбаалуу талаа (1300- 1600 м), токой, шалбаалуу талаа (1600-2600 м), субальпы шалбаасы жана шалбаалуу талаа (2600-3000 м), алыш шалбаасы жана шалбалуу талаа (3000-З500 м), пивалдык-гляциал-дык (3500 м ден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Жерг. шарттарга, тоо беттеринин горизонттун кайсы жагына карагандыгына жана аба массаларына байланыштуу Бийиктик алкактуулугу ар түрдүү бийиктиктерде жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.