Билл Гейтс

Wikipedia дан
Билл Гейтс
William Henry Gates III
Bill Gates signature.svg
Билл Гейтс 2012 жылы
Билл Гейтс 2012 жылы
Төрөлгөндөгү аты:

Уильям Генри Гейтс III

Ишмердүүлүк тармагы:

ТөрагаБилл жана Мелинда Гейтс корунда
Microsoft Директорлор кеңешинин төрагасы.

Туулган датасы:

28 -октябрь 1955(1955-10-28)

Туулган жери:

Сиетл, АКШ

Жарандыгы:

Flag of the United States.svg АКШ

Өлгөн датасы:

28 -октябрь 1955(1955-10-28)

Өлгөн жери:
Атасы:

Уильям Генри Гейтс II

Апасы:

Мэри Максвелл Гейтс

Жубайы:

Мелинда Гейтс

Балдары:

Дженнифер Катарин Гейтс,
Рори Джон Гейтс,
Фиби Адель Гейтс

Сыйлыктары:
Британ империясынынын орденинин кавалери
Сайт:

Microsoft PressPass - Bill Gates. Түп булактан архивделген күнү 24 Август (Баш оона) 2011.

Уи́льям Ге́нри Гейтс III (англ. William Henry Gates III; 28 -октябрь 1955(19551028), Сиэтл [1]), таанымал ысымы Билл Гейтс (англ. Bill Gates) — америкалык ишкер жана коомдук ишмер, Пол Аллен менен бирге түзгөн жана Microsoft компаниясынын эң ири акционери. 2008-жылга чейин компаниянын башчысы, ал кеткенден кийин директорлор кеңешинин аткаруучу эмес төрагасы ордунда калды.

Жеке жашоосу[оңдоо]

Жеке жашоосуна келсек, Гейтс 38 жашында Мелинда Френч менен баш кошкон. Экөөнүн Женнифер Катарин аттуу кызы жана Рори Жон менен Фиби Адель аттуу уулдары бар. 2008-жылдын 7-январында компьютердик Microsoft компаниясынын жетекчилик кызматынан кетип, кайрымдуулук менен алектенүүгө өтөрүн билдирген. 2 жылдан кийин компаниянын башкы аткаруучу директорлугунан да кеткен. Башкы аткаруучу директорлук кызматты Гейтстин студент кезде тапкан досу Стив Балмер ээлеген. Учурда Б. Гейтс «Билл жана Мелинда Гейтс» фондунун жетекчиси жана өзү негиздеген компаниянын эң ири акционери.

Кызыктуу фактылар[оңдоо]

  • 2007-жылы Гарвард университетинин администрациясы Гейтсти Гарвардды аяктады деп эсептеп, диплом тапшырган.
  • Улуу Британиянын Рыцарь-Командор деген империялык ордени менен сыйланган.
  • Кайрымдуулук үчүн миллиондогон акча жумшайт. 1 миллиард доллар кедей, таланттуу студенттердин стипендиясына бөлүп берсе, вакцинацияны өнүктүрүү үчүн 750 миң долларын аяган эмес.

Тиркемелер[оңдоо]

  1. Manes, 1994, p. 11