Бордос суюктугу

Википедия дан

Бордос суюктугу (Франциядагы Бордо шаарынын атынан) - өсүмдүктөрдүн грибок жана бактерия илдеттерине каршы колдонулуучу химиялык зат.

Бордос суюктугу пайдаланылаар күнү даярдалат. 1 кг көк ташты 90 л сууга эритип, ага 10 л жаңы өчүрүлгөн 10% дуу аки таш суусу кошулат. Бордос суюктугу жүзүм, алма, алмурут ж. б. өсүмдүктөрдүн илдетине каршы пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.