Бордутоо, Тоо

Википедия дан

Бордутоо, ТооТескей Ала-Тоонун түштүк тармагы. Борду, Ээрташ, Караколтөр жана Көөлү сууларынын аралыгында дого сымал түштүктөн түндүк-батышка 25 кмге чейин созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 4300–4600 м, эң бийик жери 4849 м.

Кыры мөңгүлөр менен капталган, жалама аска-зоолор бар. Капталдары тик, терең капчыгайлуу. Үстүнкү протерозойдун калыңдыгы 2400– 3000 м келген мраморлуу жана доломиттүү акиташ теги, сланец, кварцит тектеринен турат. Этегиндеги субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафты 3300 мден жогору субнивалдык талаага жана гляциалдыкнивалдык алкакка өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]