Венгеров, Анатолий Борисович

Википедия дан

Анатолий Борисович Венгеров - (1928-1998). Советтик жана россиялык окумуштуу, юридика илимдеринин доктору, профессор. Мамлекет жана укук теориясы боюнча 250дөн ашуун илимий эмгектин автору. Ал илимий коомчулукту мамлекетте жана укук чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөргө жаңыча кароого аргасыз кылууга жетишкен. Коомдогу жана мамлекеттеги синергетика жана өзүнчө уюшуу процесстери, интелектуалдык менчик жана мамлекет, сөз эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктары, социалдык жөнгө салгычтар - булар анын изилдөөлөрүнүн айрым темалары гана. Анатолий Венгеров эмгек жолун прокурордун жардамчысы катары иштөө менен баштап, анан улук тергөөчү, юридикалык кеп-кеңеш бөлүмүнүн башчысы болгон да окутуучулук жана илимий ишмердик менен алектенген, юридикалык ЖОЖ дордун кафедраларын башкарган. 1993-жылдан тартып Калыстардын маалымат берүүчү сотунун төрагасы болуп иштеп келген (бул кийинчээрек РФ Президентине караштуу Маалымат талаш-тартыштары боюнча сот палатасы болуп кайра түзүлгөн). 1998-жылы РФ Президентинин жарлыгы боюнча Ардак ордени менен сыйланган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 1999-жылы ал Укук жана Жалпыга маалымдоо каражаттары борборунун байгесине ээ болгон (өлгөндөн кийин). 2000-жылы ага "Фемида" сыйлыгы ыйгарылган (өлгөндөн кийин).

Маалымат булугы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://Lip/rus/es/a/82745(жеткиликсиз шилтеме); http:// www/biografija/ru/show/bio/aspх?id=17069.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Элебаева А.Б., Мусабаева.А - Жарантаануу. Кыргыз Республикасынын ЖОЖ дорунун студенттери үчүн окуу куралы. Б.,2011.