Венгриядагы контрреволюциячыл козголоң

Википедия дан

Венгриядагы контрреволюциячыл козголоң (1956) - эл аралык империализмдин колдоосу менен ички реакциячыл күчтөр чыгарган куралдуу тополоң.

Ал 1956-ж. 23 - октябрдан 4-ноябрга чейин созулган; элдик-демокр. түзүлүштү, венгр элинин соц. жециштерин жок кылуу, капит. бийликти кайра орнотуу максатын көздөгөн. Контррев-ячылдар Венгрия эмгекчилер партиясынын (ВЭП) мурдагы жетекчилери (М. Ракоши ж. б.) кетирген каталыктардан жанa бурмалоолордон пайдаланган. 23-октябрда Будапештте ошол каталык­тарды жанa бурмалоолорду оңдоону талап кылган жай демонстрация башталып, ага контрревиячыл күчтөр да катышкан.

Ушуга удаа ВЭП БКнын чечими боюнча партиядан дилин жашырып жүргөн И. Надь Саясий Бюронун мүчөлүгүнө киргизилип, Мин. Советинин председателдигине сунуш кылынган. Ал эми И. Надь болсо контррев-яны түздөн-түз колдоо саясатына өткөн.

Өлкөдө террор кеңири кулач жайган. И. Надь Венгриянын Варша­ва договору уюмунан чыкканын жарыялап, импер. өлкөлөрдөн көмөк күтүп, ООНдон жардам сураган. Ушундай шартта Я. Кадар баш болгон коммунисттер тобу эмгекчилерди баш коштуруу, элдик-демокр. түзүлүштү чыңдоо демилгесин көтөрүп, 3-ноябрда революциячыл жумушчу-дыйкандар өкмөтүн түтзгөн, Венгрия социалисттик жумушчу партиясынын убактылуу жетекчплерпн аныктаган. Жаңы өкмөт козголоңду басуу үчүн СССРден жардам сураган. Варшава договору боюнча Венгрияда турган сов. аскерлер рев-ячыл күчтөрдүн бул козголоцду басуусуна (4-ноябрь) көмөктөшкөн. Козголоцду басуу венгр элинин, соц. системанын жанa эл аралык коммунисттик кыймылдын олуттуу жеңиши болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.