Википедия:Сомо/«Кырк кыз» уламышы боюнча кыргыз элинин этногенетикалык байланыштары

Википедия дан

«Кырк кыз» уламышын алгачкы версиясы XIV кылымга таандык «Юань — Ши» («Юань династиясынын тарыхы» 1271 —1368 —жж.) кытай булагында жазылган. Тарыхый жазмада: «Цзилицзизи (кыргыздар) өздөрүнүн түпкү тегин, Хань жеринен (кытайлык) келген кырк кыздын Усы жигиттерине турмушка чыгышкандыктарынан башташат. Ошондуктан өзүлөрүнүн жерин ушул мааниде (кырк кыз) аташат»,— деп берилет (Кычанов, 1963:59). Кытайды башкарган монгол хандарынын династиясына арналган тарыхтагы уламышты, көпчүлүк окумуштуулар енисейлик кыргыздарга тиешелүү деп эсептешет. Ю.А. Зуевдин изилдөөсүндө «Юань —Шинин» эски редакцияларында кырк кыздын баштапкы жашаган «хань (кытай) жеринен («Хань—ди) деген иеороглифтин ордунда «мо—ди» («талаа жеринен») иеороглифи тургандыгын көргөзүп, кыргыздардын алгачкы мекени уламыштын кийинки версияларында өзгөрүүгө учурап, мурункусу унутулгандыгын жазат (Зуев, 1960:104).

Араб перс булактарында «кырк кыз» уламышынын варианттары ХV к. аягы —XVI к. башында белгисиз автор тарабынан иштелген «Шаджарат ал —атрак» («Түрктөрдүн санжырасы») жазмасында берилет. В.В. Барттольддун көрсөтүүсү боюнча «Шаджарат ал—атрак», Улугбектин өзү тарабынан (1394—1449) же анын заманында (XV к.) жазылган жана бизге толук жетпей калган «Тарих —и арба —и улус» («Төрт улустун тарыхы») эмгегинин кыскартылган эркин көчүрмөсү болуп эсептелинет. Бул китепте уламыштагы окуя Огуз—хандын заманынан мин жыл өткөндөн кийин болду дейт. Анда монгол башкаруучусу Ильханды Тур ибн Фаридун толук талкалаганда, могол элинен кырк кыз бир жакка, отуз уул экинчи тарапка качып кутулушат. Кийин кырк кыздын тукумдары кыргыз, ал эми отуз уулдуку отуз уул болуп калышат (Шаджарат ал-атрак, ИУА: №5176:284). Мында кыргыз элинин өкүлдөрүнөн алынган,алардын расмий уламышы «кырк кыз» жана «отуз уул» уруулук бөлүмү жөнүндө сөз жүрүп жатат.

Уламыштын экинчи варианты XV автору Мирхонддун (1498—ж. өлгөн) «Раузат ас —сафа фи сират ал —анбийа ва —л—мулук ва —л— хулафа» («Пайгамбарлардын, падышалардын жана халифтердин өмүр баяндарын жазуудагы тазалыктын бакчасы») эмгегинде кездешет. Андагы маалыматтар XVI кылымдын ортосундагы түзүлгөн «Бадайи ат —таварих» аттуу ар кандай тарыхый китептерден көчүрүлгөн жыйнакка толуту менен киргизилген. «Раузат ас —сафада» кыргыздар кыскача мындай баяндалат: «Кыргыздар жашаган аймакта калк көп, алар ошол элди бүтүндөй батырган тоолордо жашашат. Бирок кыргыздарды астар деп аташат. Кыркыз деген сөздүн түшүндүрмөсү белгилүү. «Кыргыз» могол тилинде «кырк жигит» дегенди билдирет (Мирхонд, ИУА: 5176 ). Бирок кол жазманын четинде «кырк кыз» деп оңдоо киргизилген. Ал эми бул маалымат Бадайи ат —таварихте кырк жигит (эркек) эмес, кырк кыз деп жазылган (Караев, 1994:60). Бул уламыштар азыркы кыргыз элинин «кырк кыз» генеалогиялык уламышына сөзмө — сөз дал келет.

Кытай жазмасы «Юань —Шинин» алгачкы редакцияларындагы «талаа жеринен» келишкен кырк кыз, кийинки редакциясында «кытайлык кыздар» деп баяндалса, Моголстандын заманындагы араб —перси авторлорунда алар «могол кыздарына» айланышкан. Мындай маалыматтар уламыштагы айрым түшүндүрмөлөр өз мезгилиндеги саясий кырдаалга баш ийип, андагы көз карандысыз жаралган кытай жана араб, перси булактарындагы бул уламыштардын өзөгү, кыргыз элинде сакталып калган «кырк кыз» уламышынын негизинде болушу, алардагы маалыматтар бир жерден алынгандыгын, баарынан мурун бир эле элге тиешелүү расмий түшүнүктөн пайда болгондугун көргөзөт. Байыркы жана кийинки мезгилдеги уламыштардагы бул окшоштуктар изилдөөчүлөрдүн көнүлүн өзүнө буруп келген. Белгиленгендей, кыргыз элинин этногенетикалык байланыштарына атайын изилдөө жүргүзгөн С.М.Абрамзон кыргыз элинин «кырк кыз» уламышындагы негизги сюжет, байыркы кыргыздардын уламышындагы традициялык мотивди алып жүргөндүгүн жазат (Абрамзон, 1977:157,158).

Батыштын белгилүү изилдөөчүсү В. Шотт өз мезгилинде дал ушул окшоштуктарга таянып «кырк кыз» уламышынын өзөгүн түзүшкөн окуялар жөн гана айтылган маанисиз сөздөр, бирок уламыштын өзү ала — тоо жана енисей кыргыздарынын баштапкы биримдигин көрсөтөт деген пикирди айткан (Шотт, N0:3034. Бул жерде фольклористтер Р.С.Липец менен С.Я.Серовдун изилдөөлөрүн эске алсак болот. Алар мындай деп жазышат: «Бири — биринен алые турган аймактардагы, чоң — чоң түрдүү этностук топтордун арасында бир эле этногенетикалык уламыштын окшош варианттарынын кезигиши, өз мезгилдеринде алардын бир бүтүндү түзгөндүгүн же консолидация жолунда болгондуктарын эскертишет. Алардын тарыхый тагдырлары бөлүнүп кетишти, бирок фольклордогу окшоштуктар мурунку болгон бирдикти тастыктайт жана ал биримдик кандай социалдык өнүгүү баскычында болгондугун аныктоого мүмкүндүк түзөт». Этнологиялык бул фактылар тарыхый жана азыркы мезгилдерде «кыргыз» деген бирдей аталышта болгон жана өзүлөрүнүн келип чыгыштарын окшош генеалогиялык уламыштар менен түшүндүргөн эки этностун, бир мезгилдерде бир эле элди түзгөндүгүн б.а. алардын этноядросунун биримдигин далилдешет.

Булак: т.и.к., доцент Рыскул Жолдошов, Кыргы улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультети.