Винница

Википедия дан
Винница.

ВинницаУкраинанын түштүк-батыш бөлүгүндөгү шаар, Винница облусунун административдик борбору. Калкы 372;432 миң (2015). Днепр бою дөңсөөсүндө, Түштүк Буг дарыясынын боюнда жайгашкан. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1362-жылдан Литва чеби катары эскерилет. 1569-ж. Люблин униясы боюнча Польшанын, 1793-ж. Россиянын курамында болгон. Киев Балтика темир жолунун курулушунан кийин Винница ири соода борборуна айланган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде катуу талкаланган. Жыгач чиркөөлөр, иезуиттер (17-кылым), доминикчилер (18-кылым) жана капуциндер (18-кылым) монастырлары сакталган. Н. И. Пироговдун бальзамдалган сөөгү коюлган чиркөө-мавзолей, 9 илимий-изилдөө институту, университеттер, китепканалар, музейлер, музыкалык-драма, куурчак, камералык театрлар бар. Машина куруу (трактор, комбайндарга тетиктер), химиялык (лак-сыр материалдары, синтездик кир жуучу каражаттар ж. б.), жеңил, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]