Владимир Шахрай

Википедия дан

Шахрай Владимир Матвеевич (1898,Одесса ш. - 1978, Фрунзе ш.) - режиссер, опера артисти (баритон), БССР эмгек сиңирген ишмери, 1920-ж.Одесса консерваториясын бүткөн.

  • 1920-32-ж. Одесса, Москва, Саратов, Баку жана Новосибирск опера жана балет театрларынын солисти,
  • 1932-ж., Минск, Горький ж. б. опера театрларынын режиссёру. 1952-64-ж.Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын башкы режис-сёру. Аткарган партиялары Онегин(«Евгений Онегин»), Жермон («Травиата»), Мизгирь («Аяз кыз»), Зурга(«Бермет издегендер»), койгон спектаклдери: «Черевички», «Демон» «Опричник», «Аида», «Князь Игорь», «Сатылган колукту», «Борис Годунов», «Жамыйла», «Жаш жүрөктөр», «Акшумкар» ж. б.

Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институту ачылган (1967) күндөн опера классын жетектейт, жеке ырдоо кафедрасынын доценти.

Эмгек Кызыл туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.