Гайморит

Wikipedia дан
Гайморит

17-кылымда жашаган дарыгер Натаниель Гаймор бет скелетинде көңдөйдүн бар экендигин айтып, аны сүрөттөп берген. Анын наамы менен үстүңкү жаактагы боштуктар аталып калган. Аталган эки боштондук мурун көңдөйүнүн эки тарабында жайгашкан. Бул боштондуктун былжырлуу катмары сезгенгенде пайда болот. Сезгенүү ар кандай инфекциялардан, аллергиядан, жаракат алуудан пайда болушу мүмкүн. Тиш ооруларынын натыйжасында бул оору козголушу ыктымал. Үстүңкү тиштердин тамырлары гаймор көңдөйүнүн астыңкы катмарына жакын жайгашкан. Бактериялар көңдөйгө кан аркылуу жетет.

Гаймордук көңдөйдүн түзүмүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу оорунун айынан ичиндеги былжыр табигый түрдө чыкпай, толо берет да ириңге айланат. Эгер ириң гаймор көңдөйүнүн бир тарабында чогулган болсо, бир тараптуу жана эки көңдөйдө тең чгулган болсо, эки тараптуу деп бөлүнөт.

Гайморит катуу жана мезгил-мезгили менен болуп эки түрдө өтөт. Биринчи учурда оору катуу кармап, жазында жана күзүндө 3-4 жумага созулат. Өнөкөткө айланган гаймориттин күчөгөн жана тынчыңды албаган убактары кездешет.

Гайморит — мурундун кошумча коңулунун — гаймор көңдөйүнүн чел кабыгынын (кээде сөөгүнүн) сезгениши. Гаймориттин өнөкөт жана катуу кармаган түрү бар.

Катуу кармаган гайморит сасык тумоо, жогорку дем алуу органдарынын жана моюн бездеринин сезгенүү ооруларынан кийин, ошондой эле үстүңкү азуу тиштердин чирип, кабылдашынан пайда болушу мүмкүн. Бетке жасаган операциялардын кабылдоосу, кээ бир учурда жаак сөөгүнүн травма алышы да гаймориттин өөрчүшүнө шарт түзөт.

Катуу кармаган гаймориттин алдын албоо жана ал ооруну өз убагында дарылабоо анын мезгил-мезгили менен кайталанып туруучу өнөкөт түрүнө өтүшүнө алып келет. Сезгенүүдө пайда болгон суюктук топтолуп, өзүнчө бир жагымсыз сезим пайда кылат. Көңдөй соо кезинде ал суюктук аз-аздан мурун көңдөйү аркылуу сыртка чыгып турат. Ал эми гайморитте суюктук агып чыгуучу жолдун чел кабыгы көөп, башкача айтканда шишип жол тосулуп, суюктук чогулат.

Катуу кармаган гайморитте дене ысып, көңүл айнып, чыйрыгат, баш ооруп, маңдай аркылуу мурунга өтөт, чыдатпай ооруп, тез-тез кайталанып турат жана оорулуу эңкейгенде, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө күчөйт. Оорулуу дайыма жарыкты жакшы карай албай, көзүнөн жаш агат. Оорулуунун мурду бүтүп, мурундан былжыр же ириңдүү сасык суюктук агат, жыт сезүү начарлап, көз шишийт, алы кетип, тез чарчайт, мурун бүтөт.

Өнөкөт гаймориттин кабылдоосу көп ооруларга (мисалы: менингоэнцефалит, мээнин абсцесси жана башка) дуушар кылат. Гайморитти туура диагноз коюп врач дарылайт. Алдын алууда гайморитке себеп болуучу ооруну убагында дарылоо, суукка урунбоо мааниге ээ.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

“Шоокум” журналы, №1(65) январь, 2012-жыл, 42-43-беттер