Гауди (Гауди-и-Корнет) Антонио

Википедия дан

Гауди (Гауди-и-Корнет) Антонио - (26. 6. 1852, Таррагона провинциясы, Реус 10. 6. 1926, Барселона) испан архитектору. 1868-жылдан Барселонада жашаган. Архитектуранын жогорку техникалык мектебинде окуган. Гауди курулуштарда (Саграда-Фамилия чиркөөсү, 1884-1926) архитектуралык формалардын кооздугуна жана таасирдүүлүгүнө жетишкен. Гуэль паркындагы курулмалар ансамбли (1903-08), «модерн» стилиндеги үйлөр (Каса Батльо, 1904-06; Каса Мила, 1905-10) жаңычыл конструкциялуу курулуштары (параболалык аркалар, жантык таянычтар, оңтойлуу своддор) менен укмуштуудай таасир калтырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]