Геморрой

Википедия дан
Геморрой.

Геморрой (гр. haimorrhois кан агуу) — көтөн чучуктун көк кан тамырларын варикоздук (түйүн сымал) кеңейиши. Сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Сырткы геморрой көтөн чучуктун сырткы көк кан тамырларын, ал эми ички геморрой көтөн чучуктун ички көк кан тамырларын кеңейишинен пайда болот.

Геморрой көк кан тамырлардын тубаса начардыгынан, көтөн чучуктун көк кан тамырларында кандын начар айланышынан болот. Ага ичтин катышы, көтөн чучукту түрдүү шишиктер, боюнда бар кезде жатындын кысуусу, жатындын туура эмес жайгашуусу, көпкө олтуруп иштөө, ар кандай спирт ичкиликтерин, өтө ачуу тамактарды ичүү жана башка түрткү берет.

Геморрой менен орто жаштагы жана улгайган адамдар көп ооруйт, айрыкча эркектер жапа чегет, чанда жаштарда да кезигет. Көп учурда ал акырындык менен өөрчүп, адегенде көтөндүн тегереги кычышат, кээде ооруйт, ич катып, жагымсыз сезим пайда болот. Бул белгилер бир нече айдан бир нече жылга чейин созулуп, спирт ичкиликтерин жана ачуу тамак ичкенде күчөйт. Кийинчерээк көтөн чучуктан кан агат (заңда кан тамчылары болот). Натыйжада оорулуу көп кан жоготуп, аз кандуулук өөрчүшү ыктымал.

Геморрой эгерде геморрой түйүн чөлөрдүн бүтөлүшүнөн жана сезгенишинен кабылдап кетсе өтө катуу ооруйт, дене ысыйт, ич катат. Оору кабылдап кеткенде сезгенүү көтөн чучуктун тегерегиндеги клетчаткаларга жайылып кетиши мүмкүн (Парапроктит).

Геморрой — мезгили менен кармап туруучу өнөкөт оору. Сезгенбей турган мезгилде оорулуу өзүн жакшы сезет. Оору өтүшүп кеткенде тез-тез кармап, бат-бат көп кан агат. Ички түйүнчөлөр сыртка чыгып же кысылып калганда өтө катуу ооруйт. Түйүнчөлөр көгөрүп, кээде карарып, катууланат. Геморройдон жапа чеккен киши дайыма врачтын (хирургдун) көзөмөлүндө болуп, эгерде сезгенүү пайда болуп, түйүнчөлөр кысылып же заңдаганда кан чыккан учурда тезинен врачка кайрылуу зарыл. Түйүнчөлөр чыгып калганда кайра киргизүүгө аракеттенүүгө болбойт, себеби ал көп кан агууга жана оор кабылдоого алып келиши мүмкүн.

Ооруну пайда кылган себептерге карата дарылоо жүргүзүлөт. Анын натыйжасы оорунун абалына, врачка өз убагында кайрылгандыгына, анын көрсөтмөлөрүн толук аткарышына жараша болот. Жогору атылма муздак душ, мөмө-жемиштүү диета сунуш кылынат. Убагы менен заңдоонун мааниси чоң. Күчөп кеткен учурда хирургиялык операция жасалат.

Геморройду алдын алууда түрткү берүүчү себептерди четтетүү, биринчиден ичти катырбоо керек. Бала чактан өздүк гигиенаны сактоого, ар бир заңдаган сайын жуунууга үйрөтүү зарыл. Аз кыймылдуу иште иштегендердин гимнастика жасагандары максатка ылайык: туруп иштегендер (дүкөнчү, чач тарач) көнүгүүлөрдү отуруп, ал эми отуруп иштегендер туруп же басып жасоочу көнүгүүлөрдү жасоо керек. Геморройдун биринчи белгилери байкалгандарга врач айыктыруучу гимнастика сунуш кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]