Гимнастика

Wikipedia дан

Гимнастика (байыркы грек. gymnós — жылаңачталган) — адамдын ар тараптан өсүшүн жана ден соолугунун чыңдалышын камсыз кылуучу дене тарбия көнүгүүлөрүнүн атайын тандалган системасы. Гимнастика менен үзгүлтүксүз машыгуу жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын ишин жакшыртат, таяныч-кыймыл аппаратын бекемдейт, зат алмашуу процессин ылдамдатат. Гимнастика адамдын денесинин гармониялык өсүшүн камсыз кылат, келбетти, булчуң системасын бекемдейт, муун-кыймыл координациясын жакшыртат. Гимнастика менен ар кандай куракта жана ден соолугунун абалы ар түрдүү адамдар машыгууга болот. Гимнастика дене тарбия системасында кеңири колдонулат жана физкультуралык комплекске кирет.

Гимнастикалык машыгууну врач менен кеңешүүдөн кийин баштоо керек. Машыгуу мезгилинде жылына эки жолу врачтык текшерүүдөн өтүп туруу, айрыкча балдар менен улгайып калган кишилерге талап кылынат.

Гимнастика денени жалпы өөрчүтүүчү, спорттук жана колдонмо болуп үч түргө бөлүнөт. Денени жалпы өөрчүтүүчү гимнастикага негизги, гигиеналык, атлетикалык (булчуң) гимнастикалар, спорттук гимнастикага — спорттук гимнастика, акробатика, көркөм гимнастика, секирүү; ал эми колдонмо гимнастикага өндүрүштүк, адистик-колдонмо, спорттук-колдонмо, аскердик-колдонмо жана айыктыруу гимнастикалары кирет.

Денени жалпы өөрчүтүүчү гимнастиканын түрлөрү. Негизги гимнастика бардык жаштагы кишилердин ден соолугун чыңдоо, массалык тарбиялоонун маанилүү каражаты. Ага жүгүрүү, секирүү, сойлоо, чоюлуу, бир нерсени ыргытуу жана башка кыймылдар, ошондой эле кээ бир гимнастикалык шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр кирет. Гимнастика жаш балдарды туура тарбиялоонун эң маанилүү факторлорунун бири. Ал баланын дене түзүлүшүн, кулк-мүнөзүн жакшы калыптандырууга жардам берет. Балдардын гимнастика менен үзгүлтүксүз машыгуусу алардын кыймыл-аракетин, дене келбетин жакшыртат, ошондой эле балдарды чечкиндүүлүккө, кайраттуулукка тарбиялайт. Борбордук нерв системасы, жүрөк-кан тамыр, дем алуу, булчуң системаларын өнүктүрүп, зат алмашуу процессин жакшыртат.

Наристелер жана мектеп жашына жете элек балдар үчүн арналган гимнастиканын комплекси негизинен ийин курчоосунун, көкүрөк, арка, курсак, бут жана кол булчуңдарын өөрчүтүүчү кыймылдардан турат. Көнүгүүлөр комплексине басуу, жүгүрүү, секирүү, бир нерселерге чыгып, кайрадан түшүү, топту ыргытуу жана тосуп алуу, тең салмактуулукту сактоо сыяктуу кыймыл-аракеттер кирет (1 —2-сүрөт). Эгерде бала мурда гимнастика менен машыкпаган болсо, алгачкы мезгилде бир нече, ал эми 7—8 күн өткөндөн кийин көнүгүүлөр комплекси толук аткарылат. Көнүгүүлөрдү көңүлдүү оюн түрүндө же болбосо жаныбарлардын кыймыл-аракетин туурап аткаруу пайдалуу жана кызыктуу келет. Бала эки жашка толгондон баштап эртең мененки гигиеналык гимнастиканы жасоону үйрөтүү зарыл. Балдар көнүгүүлөрдү жеңил, кыймыларакетке тоскоол болбогондой кенен, кийим кийип жасоого тийиш.

3-4 жаштагы балдар үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр[оңдоо]

1—сүрөт

1—сүрөт.
1 — бутту далынын кеңдигиндей аралыкка коюп, желекчелерди ылдый кармагыла. Ушул абалда желекчелерди өйдө көтөрүп, кайрадан ылдый түшүргүлө.
2 — кош аяктап, алкактын ортосунан жөрмөлөп өткүлө.
3 — чыканагыңарды алдыга сунуп, колуңарды ийинге койгула. Көпөлөктү туурап, чыканагыңарды жайып жана бириктирип бир нече кыймыл-аракет аткаргыла.
4 — өйдө илинген тордогу топко секирип жеткиле.
5 — чалкадан жатып, кезек-кезеги менен бутуңарды тизеден бүгө өзүңөргө тарткыла.
6 — башыңарга жумшак буюм коюп, аны түшүрүп жибербөөгө аракеттенип баскыла.
7 — стулга отуруп, таманыңар менен таякты ары-бери тоголоткула.

Эскертүү: Көнүгүүлөрдү аткаруу алдында жай басуу, бир аз жүгүрүү жана кайрадан жай басуу талап кылынат. Көнүгүүлөрдү аткарып болгондон кийин да бир аз жай басууну эстен чыгарбагыла.


5-6 жаштагы балдар үчүн гимнастнкалык көнүгүүлөр[оңдоо]

2—сүрөт

2—сүрөт.
1 — бутуңарды далынын кеңдигиндей аралыкка коюп, гимнастикалык таякты эки колго эркин кармагыла. Гимнастикалык таякты өйдө көтөрө терең дем алып, керилгиле. Гимнастикалык таякты далыны көздөй түшүргөнчө, дем чыгаргыла.
2 — топту алкактан өткөрө ыргыткыла.
3 — көмкөрө түшүп жатып, колуңарды тулку бойду бойлото өйдө көтөргүлө. Бул мезгилде өйдө кароого умтулгула.
4 — бөйрөк таяна, малдаш урунуп олтургула. Колуңарды эки жакты көздөй жая, тулку боюңарды оңго жана солго кезект.-штире бургула.
5 — жерге узата ташталган жип менен баскыла.
6 — колуңарды жогору көтөргөнчө, сол бутуңарды артка койгончо демиңерди ичке тартып, ылдый түшүргөнчө дем чыгаргыла. Ушул эле тартипте көнүгүүнү оң бутуңардан уланткыла.
7 — алкакты алдыга кармап, олтуруп, тургула.
8 — бутуңарды далынын кеңдигиндей аралыкка коюп, колуңарды бириктире кармагыла. Колуңарды өйдө көтөрө, дем алгыла, ылдый түшүргөнчө — дем чыгаргыла.

Эскертүү: Көнүгүүнү баштоо алдында жана аяктагандан кийин бир аз жай басууну жана жүгүрүүнү унутпагыла.

Мектеп жашындагы балдардын гимнастика комплексин түзүүдө алардын жаш "өзгөчөлүктөрү эске алынат. Башталгыч класстын (7—9 жаш) окуучуларына катарга туруу, кичинекей жана чоң топ менен ойноо, дене келбетин калыптандыруучу көнүгүүлөрдү аткаруу, акробатикалык элементтерди жасоо жана башка кыймыл-аракеттер сунуш кылынат (3-сүрөт). Дем алууну кыйындаткан же болбосо аны убактылуу токтотуучу көнүгүүлөрдөн баш тартуу керек.


7-9 жаштагы балдар үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр[оңдоо]

3—сүрөт

3—сүрөт.
1 — бутуңарды бир аз кеңдикте койгула. Колуңарды өйдө көтөрө, дем алып, кайра капталга түшүргөнчө дем чыгаргыла.
2 — бутуңарды далынын кеңдигиндей аралыкка коюп, колуңарды бирге кармагыла. Колуңарды өйдө көтөргөнчө дем алгыла. Алдыга тулку бойду эңкейте колуңарды эки бут арасынан өткөргүлө. Бул мезгилде дем чыгаргыла.
3 — колуңарды жайып, түз тургула. Кезек—кезеги менен алдыдан жана арттан кол чапкыла.
4 — колуңарды чыканактан бир аз бүгө кармагыла. Ордуңарда бир нече ирет секиргиле жана андан кийин бир аз жай баскыла.
5 — гимнастикалык таякты алдыга кармагыла. Сол бутгап таякты аттап өткүлө жана кайрадан мурдагы абалга келгиле. Эркин дем алгыла. Көнүгүүңү оң бут менен аткарып уланткыла.
6 — бутту далы кеңдигиндей аралыкка, гимнастикалык таякты далыга койгула. Эркин дем ала тулку бойду оңго жана солго кыйшайткыла.

Эскертүү: Ар бир көнүгүүнү 4—6 жолу кайталагыла.

10—14 жаштагы балдардын организми тез өсүп жана аларда жыныстык жактан жетилүү процесси башталат. Бул мезгилде балдардын кыймыларакети солгун тартып координация начарлашы мүмкүн. Туура уюштурулган машыгуулар мындай терс өзгөрүүлөрдүн алдын алат. Буларга арналган көнүгүүлөр бир аз татаалдыгы менен айырмаланат. 5-класстан баштап, балдар негизинен күчтү жана чыдамкайлыкты талап кылуучу (мисалы: күрөштүн элементтери, шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр), ал эми кыздар үчүн көркөм гимнастиканын элементтерин аткаруу талапка ылайыктуу (4-сүрөт).


Жогорку класстагы балдар үчүн гантель менен аткарылуучу гимнастикалык көнүгүүлөр[оңдоо]

4—сүрөт

4—сүрөт.
1 — гантелди артка кармап, 8—10 жолу олтуруп, тургула.
2 — тактага чалкадан жатып, гантелдерди капталды көздөй 6—8 жолу жайып, кайрадан өйдө көтөргүлө.
3 — кезеги менен колду жогору сунуп, гантелдерди 8—10 жолу өйдө-ылдый көтөрүп, түшүргүлө.
4 — гантелдерди каруу менен 6—8 жолу көтөрүп түшүргүлө.
5 — гантелдерди капталга, андан кийин ийинди көздөй 5—6 жолу көтөрүп түшүргүлө.
6 — гантелди желкеге кармап, тулку бойду оң жана сол тарапты көздөй 6—8 жолу толгогула.
7 — чалкадан жатып, колду желкеге коюп, денени бир нече ирет көтөрүп, түшүргүлө (бутту бир нерсеге илип же такап коюу керек).

Эскертүү: машыгуу үчүн көнүгүүнүн кайталоо талабын так аткарууга мүмкүндүк бере турган салмактагы гантель талап кылынат. Машыгууну баштоодон мурда дене кызытуучу бир катар көнүгүүлөрдү аткаргыла. Ар бир көнүгүүнү аткарып болгон соң 1—2 минутага чейин эс алгыла.

15—17 жаштагы балдарда негизинен таяныч-кыймыл аппаратынын калыптанышы аяктайт. Алардын кыймыларакетин эмгекке даярдоо багытына өөрчүтүү сунуш кылынат (5-сүрөт). Гимнастика менен машыгууда кыздардын биологиялык жетилүү өзгөчөлүктөрүн эстен чыгарбоо зарыл.



Жогорку класстагы кыздар үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр[оңдоо]

5—сүрөт

5—сүрөт.
1—2 — колуңарды ийинге койгула. Оң бутуңарды артка коюп, эки колуңарды өйдө көтөргөнчө, дем алгыла. Колуңарды ылдый түшүрө, бутуңарды бирге коюп, дем чыгаргыла. Көнүгүүнү жай темпте 4—6 жолу оң жана сол бутуңардан кезектештирип баштагыла.
3—4 — түз тургула. Оң бутуңарды алдыга шилтей, аны тизеден бүгүп, колуңар менен жер таяна, салмакты бүгүлгөн бутка жиберип олтургула, экинчи бутту алга созгула (дем чыгаргыла). Кайрадан түзөлгөнчө дем алгыла. Ушул эле тартипте көнүгүүнү сол бутуңар менен уланткыла.
5—6 — колуңарды капталга жая, түз тургула. Оң бутуңарды өйдө көтөрө, тизе алдынан кол чапканча, дем чыгаргыла. Мурдагы абалга келе, денени түздөп, дем алгыла. Ушул эле тартипте көнүгүүнү сол буттан уланткыла.
7—8 — кол менен жер таяна олтургула. Денени түздөп, өйдө көтөргөнчө, дем алгыла жана кайрадан мурдагы абалга келе, дем чыгаргыла.
9—11 — чалкадан түз жатып кезеги менен оң жана сол бутуңарды көтөргүлө жана кайрадан түшүргүлө. Көнүгүүнү бир нече ирет аткаргандан кийин эки бутту бирге 3—4 жолу өйдө көтөрүп, кайрадан ылдый түшүргүлө.
12—13 — стулдун жөлөнгүчүнө бир аз аралыкта таянып тургула. Оң бутуңарды өйдө көтөргөнчө, колуңарды чыканак муундан бүгүп, стулга жакындай, дем алгыла. Кайрадан мурдагы абалга келгенче, дем чыгаргыла. Көнүгүүнү жай темпте оң жана сол бутту көтөрө 6—8 жолу аткаргыла.
14—16 — бөйрөк таянып, бутту далынын кеңдигиндей аралыкта койгула. Оң колуңарды жая, тулку бойду оңго бурай, дем алгыла. Мурдагы абалга келгенче, дем чыгаргыла. Ушул эле тартипте көнүгүүнү сол тарапты көздөй уланткыла.
17—18 — түз тургула. Колуңарды жана бутуңарды жая, жай темпте 20—30 жолу ордуңарда секиргиле.
19 — терең дем ала, тез баскыла.

Улгайган кишилердин гимнастика менен машыгуусу кан айлануу, дем алуу, эндокрин, нерв системаларынын функцияларынын жана зат алмашуу процессинин жакшырышына алып келет. Мындай машыгуулар булчуңдардын, муундардын кыймыл-аракетин, жүрөктүн иштешин жакшыртып, эрте картаюунун алдын алат. Машыгуу мезгилинде кескин кыймыл жасоо, тез олтуруп туруу, өтө эңкейүү жана тез түзөлүү, тулку бойду тез толгоо, башты оңго, солго тез буруу, дем алууну көпкө токтотуу жана башка кыймылдарды жасоого болбойт. Көнүгүүлөрдү кайталоо саны, ылдамдыгы акырындык менен өскөнү оң. Гимнастика менен машыгуунун алдында врачтын кароосунан өтүп, анын кеңешин угуу талап кылынат.

Гимнастиканын гигиеналык түрү көбүнчө эртең менен аткарылуучу көнүгүүлөр системасы түрүндө жүргүзүлөт.

Атлетикалык гимнастика менен негизинен дени соо уландар, жигиттер жана орто жаштагы эркектер машыгышат. Машыгууда эспандер, гантель, гиря, штанга жана башка оордуктар менен аткарылуучу көнүгүүлөр, ошондой эле гимнастикалык шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр, жүгүрүү, секирүү жана башка сунуш кылынат. Атлетикалык гимнастика менен 13—14 жаштан баштап машыгууга болот.

Ритмдүү гимнастика[оңдоо]

Гимнастиканын түрү эстрадалык музыканын коштоосунда бий бийлөөгө жакындатылып аткарылуучу гимнастикалык көнүгүүлөрдүн системасынан турат.

Гимнастиканын спорттук түрлөрү[оңдоо]

Спорттук гимнастика негизинен татаал кыймыл координациясын, күч жана эркти талап кылуучу көнүгүүлөрдүн системасынан турат. Спорттук гимнастика менен жалпы дене даярдыгы жакшы жаштар машыкса болот. Эркектер эркин көнүгүүлөрдү аткарат жана таянып секирүү, брусьяда, алкакта, турникте жана кармагычтуу жыгач ат үстүндө аткарылуучу көнүгүүлөрдү, аялдар эркин көнүгүүлөрдү аткарат жана таянып секирүү, ар түрдүү бийиктиктеги брусьяда жана жазы мамы үстүндө аткарылуучу көнүгүүлөрдү жасайт.

Гимнастикалык шаймандарда көнүгүүлөрдү аткаруу кол жана тулку бой булчуңдарын өөрчүтөт жана муундарды бекемдейт. Таянып секирүү, гимнастикалык эркин көнүгүүлөрдү аткаруу, жазы мамы үстүндө көнүгүү негизинен бут булчуңдарын өөрчүтүп, кыймылдын тактыгын жана координациясын жакшыртат. Гимнастикалык көнүгүүлөрдү аткарууда дене абалынын тез-тез алмашып турушу вестибуль аппаратын машыктырат. Мына ушул себептен спорттук гимнастика учкучтарды, космонавттарды, моряктарды, айдочуларды, альпинисттерди, каскадёрлорду жана бир катар татаал кесиптерди өздөштүрүүдө колдонулат. Спорттук гимнастика менен 6—7 жаштан баштап машыгууга, ал эми спорттук мелдештерге 10—11 жаштан катышса болот.

Акробатика өзгөчө күч менен аткарылуучу көнүгүүлөрдөн, секирүүлөрдөн, тең салмактуулукту сактоого багытталган кыймыл-аракеттерден, ар түр күн пирамидаларды түзүүдөн турат (Акробатика).

Көркөм гимнастика менен аялдар гана машыгат. Машыгуулар бий калыпында аткарылуучу акробатикалык, ритмдүү көнүгүүлөрдөн турат. Улуттук, классикалык жана азыркы мезгилдеги эстрадалык бийлердин элементтери, басуу, жүгүрүү, секирүү, тең салмактуулукту сактоочу, түрдүү буюмдар (алкак, булава, тасма жана топ) менен аткарылуучу көнүгүүлөр кеңири колдонулат. Көркөм гимнастика нерв системасынын координациялык механизмдерин, кыймыл-аракеттин тактыгын, дененин ийкемдүү лүгүн өөрчүтүүгө жардам берет. Көркөм гимнастика менен машыгууну 7—8 жаштан, ал эми мелдешке 10—12 жаштан баштап катышууга болот.

Колдонмо гимнастиканын түрлөрү[оңдоо]

СССР убагында өндүрүштүк гимнастика күнүгө жумуш мезгилинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн өөрчүтүү максатында жумуш күнүнүн башында жумуш алдындагы гимнастика түрүндө жана жумуш күнүнүн орто ченинде гимнастикалык тыныгуу калыбынды колдонулган. Өндүрүштүк гимнастика ден соолукту чыңдоо, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорку деңгээлде кармоо, ишкердүүлүктү арттырууга жардам берет. (Өндүрүштүк гимнастика). СССР убагында кесиптик-техникалык окуу жайларында, техникумдарда жана жогорку окуу жайларда окуган студенттерди жалпы дене тарбия жактан даярдоодо кесиптик-колдонмо гимнастика колдонгон, ал кесипчиликти өздөштүрүү өзгөчөлүгү менен тыгыз байланышта болгон көнүгүүлөрдөн турат.
Мисалы: монтажчылардын кесибин өздөштүрүүдө бийиктикте аткарылуучу көнүгүүлөр пайдалуу келет. Азыркы мезгилде кесип өзгөчөлүктөрүнө ылайык кесиптик-колдонмо гимнастика менен машыгуу ыкмалары иштелип чыккан.

Спорттук-колдонмо гимнастика спорттун белгилүү түрү боюнча спорттук мыкты ийгиликке жетүү максатында колдонулат. Ага эртең мененки гигиеналык гимнастика, машыгуу же мелдеш алдындагы даярдануу жана жалпы дене тарбия даярдыгы кирет. Ал спортсмендерди даярдоо этабында кеңири колдонулат.

Аскердик-колдонмо гимнастика негизинен Советтик Армиянын катарында кызмат өтөө мезгилинде колдонулат. Гимнастиканын бул түрү бир катар татаал жана оор көнүгүүлөрдөн турат. Алар негизинен оордуктар менен аткарылат, жүгүрүүнү, секирүүнү, турникте ойноону, брусьяда көнүгүүлөрдү аткарууну, ар түркүн татаалдыктагы тоскоолдуктардан өтүүнү талап кылат. Аскердик кызматтын өзгөчөлүгүнө жараша аскердик-колдонмо гимнастика менен машыгуу да түрдүү болот.
Мисалы: десантчыларды даярдоодо алардан тоскоолдуктардан өтүү, парашют менен секирүү, күрөшүү, сууда сүзүү, жүгүрүү жана башка талап кылынат.

Айыктыруу гимнастика айыктыруу физкультурасынын негизги түрү болуп саналат. Айыктыруучу гимнастика денени жалпы чыңдоочу көнүгүүлөрдөн турат. Ооруга жараша организмдин жана органдардын кызматын жакшыртуучу көнүгүүлөр аткарылат. Мындай көнүгүүлөр адамдын оорудан батыраак арылышына анын айыгып кетишине түрткү берет.

Врачтык текшерүү[оңдоо]

Денени жалпы өөрчүтүүчү гимнастика менен машыккан ар бир киши жашаган же иштеген жеринен врачтык текшерүүдөн өтүп турушу керек. Ал эми гимнастиканын спорттук түрү менен машыгуучулар врачтык-физ-ралык атайын диспансерлерден врачтык текшерүүдөн өтүп турууга милдеттүү. Анткени гимнастиканын спорттук түрлөрү менен машыгууга ден соолуктагы кемчиликтер олуттуу тоскоол болот. Спорттук гимнастика, көркөм гимнастика жана акробатика менен машыгууга жүрөк, бөйрөк, боор жана дем алуу органдары ооруган кишилерге уруксат берилбейт

Гигиеналык талаптар[оңдоо]

Гимнастика менен машыккандардын кийими кыймыл-аракетке тоскоол болбоосу керек. Эркектер гимнастикалык шым жана майка, аялдар атайын гимнастикалык костюм кийгени оң. Бут кийим булгаарыдан тигилип, боосу жок жасалат. Машыгуудан кийин жылуу душ алып, жумасына бир жолу мончого барып туруу керек. Өзгөчө алакандын абалына чоң көңүл буруу зарыл. Анткени, гимнастикалык шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр колдун чор болушуна алып келет. Анын алдын алуу үчүн колго глицерин, ланолин сыйпап, ал эми машыгуу мезгилинде алаканга жука булгаары кеп кийип алуу туура болот.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8