Жүрөк

Wikipedia дан
Файл:Hk lv big bionerd.gif
Жүрөктүн иштеши.

Жүрөк — жүрөк-кан тамыр системасынын булчуңдуу көңдөй органы. Булчуңдуу керегесинин жыйрылышы кандын үзгүлтүксүз жылышын камсыз кылып турат. Ал көөдөндүн алды жагында, жүрөк баштыкчасынын кабында орун алган. Жүрөктүн 1 /з бөлүгү оң тарапта, 2/3 бөлүгү сол тарапта жайгашкан. Жүрөк көөдөндө тикесинен, жантайыңкы жайгашып, адамдын денесинин конституциялык түзүлүшүнө жараша болот. Формасы анча туура эмес конуска окшош. Жүрөктүн алдыңкы капталы төш сөөгү менен кабыргаларды, арткы капталдары оң жана сол өпкөнүн бетин караса, төмөнкү бети боор эттин үстүндө жатат. Чоң адамдардын жүрөгүнүн орточо салмагы 300 гдай, же ар кимдин өз муштумундай болот. Ал үч катмардан турат. Ички бети жука жылмакай кабыкча — эндокард менен капталып, анын өсүндүлөрү Жүрөктүн капкаларын пайда кылат.

Адамдын жүрөгү.

Сыртынан жүрөк кабынын ички бөлүгү эпикард менен капталат. Ортоңку катмары миокард деп аталып, өзгөчө туура ала булчуңдан турат. Жүрөктүн ичи атайын тосмолор менен 4 камерага (эки дүлөйчө жана эки карынча) бөлүнгөн. Дүлөйчөлөрдүн керегесинин булчуңдары эки катмарда жайланышып, карынчалардыкына караганда алда канча жука, ал эми карынчалардын булчуңдары 3—4 катмар жайланышкан.

Оң дүлөйчөгө төмөнкү жана жогорку көңдөй веналар, сол дүлөйчөгө өпкө веналары куят. Оң дүлөйчө менен оң карынчанын ортосундагы тешикти жабыш үчүн үч капкалуу, сол дүлөйчө менен сол карынчанын ортосундагы тешикти жабыш үчүн эки капкалуу же митралдуу клапандары бар. Клапандардын четтери тарамыш жипчелердин жардамы менен урчукча булчуңдарга бекип, клапандар дүлөйчө тарапка кайрылып кетпейт да, канды кайра дүлөйчөгө агызбайт, дүлөйчөдөн карынчаларга агышын багыттайт. Дүлөйчөлөр жыйрылганда кан агып карынчаларга толот. Дүлөйчөлөрдүн жыйрылышы жана капкалуу клапандардын жабылышы канды толто менен өпкө артериясына сыгып чыгарат.

Кишинин жүрөгүнүн А — арт жагынан көрүнүшү, Б — узунунан жара кесилиши; 1— жүрөктүн учу; 2—сөл карынча; 3—оң карынча; 4—сол кулакчасы; 5—перикард (кесилип салынган); 6— жогорку көңдөй вена; 7—толто; 8—өпкө артериясынын оң жана сол бутагы; 9—жүрөктүн таажы сымал венасы; 10—сол өпкө венасы; 12—сол дүлөйчө; 13—оң дүлөйчө; 14—төмөнкү көңдөй вена; 15— жүрөктүн таажы сымал артериясы; 16— оң дүлөйчө көңдөйү жана өпкө веналарынын тешиктери; 17—кош капкалуу клапан; 18—сол карынча көңдөйү; 19—сол карынчанын булчуңдуу капталы; 20—карынчалардын ортосундагы булчуңдуу тосмо; 21— оң карынча көңдөйү; 22— үч капкалуу клапан; 23-оң дүлөйчө көңдөйү жана төмөнкү көңдөй вена тешиги; 24— дүлөйчөлөр ортосундагы тосмо.

Толто менен өпкө артериясынын уңгусунда жарым ай сымал клапандар жайгашып, карынчалар жыйрылып бүткөндө канды кайра агызбай тосуп калат. Кээ бир ооруларда (мисалы, ревматизм, атеросклероз жана башка) Жүрөк клапандары бузулуп, жабылбай калып, Жүрөктүн иши бузулат да жүрөк кемтиги пайда болот. Жүрөктүн өткөргүч, кан тамыр жана нерв системалары бар. Дүлөйчөлөр менен карынчалардын туура ырааттуу жыйрылышын жүрөктүн өткөргүч системасы камсыз кылат. Бул система өзгөчө булчуң талчаларынан туруп, дүлөйчө менен карынчанын миокардында түйүнчөлөрдү пайда кылат. Өткөргүч система козголууну синус түйүнчөсүнөн Жүрөктүн бардык булчуң клеткаларына өткөрөт. Синус түйүнчөсү оң дүлөйчөнүн капталында жогорку көңдөй венанын өзүндө жайгашып, өзгөчө түзүлүштөгү ткандан турат. Бул жерде пайда болгон дүүлүгүү үч өткөргүч ткандын тарамдары менен дүлөйчөгө жана оң дүлөйчө менен карынчанын ортосундагы башка түйүнчөлөргө берилет. Жүрөктүн кан тамыр системасы эки таажы сымал (короналык) артерия жана аны коштоочу венадан турат.

Жүрөктө алмашуу процесси өтө жогору болгондуктан андагы капиллярлар да өтө жыш, ар бир булчуң талчалары капилляр менен камсыз болгон. Жүрөктүн нерв системасы жүрөк ишин жөнгө салып турат. Жүрөккө адашма нервдин, ошондой эле симпат нервдин талчалары кирет. Жүрөк булчуңдарынын негизги кызматы — козголуу, автоматизм, өткөргүчтүк жана жыйрылуу. Миокарддын бардык клеткалары козголуу касиетине ээ. Анын кээ бир клеткалары өзүнөн өзү жыйрылууга жөндөмдүү болуп автоматизм касиетин камсыз кылат. Миокарддагы козголуу өткөргүч клеткалардын электр-химиялык өз ара аракетинин натыйжасында ишке ашат.

Жыйрылбай турган дүлөйчө менен карынчада кан толуп турат. Келген козголуунун натыйжасында дүлөйчө жыйрылып, андагы кан карынчага түшөт. Андан кийин карынча козголуп, жыйрылат, кан кан тамырларга чыгат. Жүрөктүн дүлөйчөсү менен карынчасы биринин артынан экинчиси (синхронсуз) жыйрылып, канды артерияга айдоосу систола, алардын булчуңдары бошоңдоп, канга кайра толуу мезгили диастола деп аталат. Систола менен диастола жүрөктүн иш циклин түзөт. Кан айлануу системасы, жүрөктүн кан тамыр системасы.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8