Кардиология

Wikipedia дан
Өзүнө жүрөктү, өпкөнү жана кан тамырларын камтыган дене мүчөлөр бөлүгү.

Кардиология (грекче καρδία — «жүрөк» жана λογος — «иликтөө») — медицинадагы кишинин жүрөк жана кан тамырлар системасын иликтөөгө арналган атайын тармак. Бул тармак жүрөктүн жана кан тамырларынын илдеттеринин алдын алуунун жана аларды айыктыруу усулдарын да ишт еп чыгат.

Кардиологиянын кыскача тарыхый таржымакалы[оңдоо]

Кардиология жүрөктүн ооруларынын түрлөрүн, анын ичинде жүрөккө кан жеткирчү тамырлардын кеңейип же тарып кетишине жол койгон илдеттерди иликтейт.

Кардиология илиминин көөнө тарыхы байыркы доорлорго барып такалат. Илгертеден эле дарыгерлер кишинин жүрөк оорусуна эм табууга далаалаттанып келишкен.

Байыркы египеттик папирустарга жазылган иероглифтик жазмаларда (маселен, б.з.ч. 17-кылымдан калган Эберс папирусунда) ар кандай дарыгер, ар кандай диниятчы тигил же бул кишинин башына, аркасына, колуна, алаканына, бутуна жана башка дене мүчөлөрүнө кол тийгизгенде анын жүрөгүнө кол тийгизгендей болот, себеби жүрөктүн дененин ар бир мүчөсүнө кан тамыры жетип турат, - деп айтылган.

Ал эми грек дарыгери Гиппократ болсо (б.з.ч. 5-кылым) жүрөктү дененин булчуңдуу органы катары алгачкы жолу таамай мүнөздөгөн.

Байыркы римдик дарыгер Гален (б.з. 2-кылым) жүрөктүн иштөө тартибин сыпаттаган. Бирок ал кан айлантуу системасынын чордону катары жүрөктү эмес, боорду көрсөткөн. Бул жаңылыш пикир Европадагы илимде 17-кылымга чейин үстөмдүк кылган. Анын калпыстыгын Гарвей деген илимпоз далилдеген.


Кайра Жаралуу доорунда Леонардо да Винчи жүрөктүн клапандарынын структуралык сүрөтүн таасын тартып бере алган.

Андреас Везалий болсо кан тамырларынын жолун таасын көрсөтүп, Галендин жаңылыштыгын дагы бир жолу айгинелеген.

Падуя университетинин өкүлү, англис илимпозу Уилям Гарвей (1578—1657) кан айлануу системасын алгачкы жолу эксперименттик деңгээлде аныктаган. Вена кан тамырындагы кан бир багытта жүгүрөөрүн ал өзүнө жана итине жасаган сыноосунун негизинде далилдеп берген.

Гарвей математикалык эсептөө аркылуу кан жүрөк аркылуу 1,5-2 мүнөт ичинде чуркап тураарын, ал эми 30 мүнөттүн ичинде жүрөк аркылуу бүткүл дененин салмагына теңме-тең болгон кан сордурулуп жана бүркүлүп тураарын тастыктаган.

1628-жылы жарык көргөн китебинде Гарвей жаныбардын организминдеги кан тегеренип чуркатылаарын далилдеп, Галендин илгерки түшүнүгүн илимге тийешеси жок жоромол катары таптакыр четке каккан.

Гарвей микроскопту колдонбогондуктан, кан айлануу системасындагы капиллярдын ролун гана көрсөтө алган эмес.

Кишинин жүрөгүнүн А — арт жагынан көрүнүшү, Б — узунунан жара кесилиши; 1— жүрөктүн учу; 2—сөл карынча; 3—оң карынча; 4—сол кулакчасы; 5—перикард (кесилип салынган); 6— жогорку көңдөй вена; 7—толто; 8—өпкө артериясынын оң жана сол бутагы; 9—жүрөктүн таажы сымал венасы; 10—сол өпкө венасы; 12—сол дүлөйчө; 13—оң дүлөйчө; 14—төмөнкү көңдөй вена; 15— жүрөктүн таажы сымал артериясы; 16— оң дүлөйчө көңдөйү жана өпкө веналарынын тешиктери; 17—кош капкалуу клапан; 18—сол карынча көңдөйү; 19—сол карынчанын булчуңдуу капталы; 20—карынчалардын ортосундагы булчуңдуу тосмо; 21— оң карынча көңдөйү; 22— үч капкалуу клапан; 23-оң дүлөйчө көңдөйү жана төмөнкү көңдөй вена тешиги; 24— дүлөйчөлөр ортосундагы тосмо.

Микроскопту алгачкы жолу кан айлануу системасын изилдөө багытында колдонгон окумуштуу - Марчелло Мальпиги (1628—1694) болгон. Ал капиллярдын ордун аныктай алган.

Европалык окумуштуулардын ачылыштарынын негизинде 19-кылымдын башында эле кардиология өз алдынча медициналык илимий тармак болуп өсүп чыккан.


Жүрөктүн ишемия оорусу[оңдоо]

Жүрөктүн ишемия оорусужүрөк-кан тамыр системасынын көп тарашын оорусу; негизинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунун натыйжасында жүрөк булчуңдарын кан менен камсыз кылуу начарлагандан болот.

«Жүрөктүн ишемия оорусу» түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокардия, миокарддын инфаркты), ошондой эле өнөкөт оорулар (кардиосклероз — жүрөктүн булчуң тканынын жабыркашы) кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин начарлашы жана согуу ыргагынын бузулушу менен коштолот.

Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчүркөп, кээде басаңдайт. Жүрөк ишемия оорусу ошондой (стенокардия пристубу) адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаган учурда миокарддын инфаркты пайда болуу коркунучу туулат.

Жүрөктүн ишемия оорусуна тукум куума ыңгайлуулук, аз кыймылдоо (к. Гиподинамия), ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы (к. Гипертония оорусу), көмүртек (углевод) алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тартпагандарга караганда тарткандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да организмге күч келтирери белгилүү.

Ошондуктан Жүрөктүн ишеемия ооорусун пайда кылуучу факторлорду билүүнүн мааниси зор. Баарыдан мурда тамакты мүнөздөп ичүүгө көнүгүү керек: семирип кетпес үчүн тамакты ашыкча жебөө; малдын майын жана жакшы сиңүүчү углеводдорду ченеми менен жеп, алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу; тамак рационуна өсүмдүк майын жана С витамини менен В тобундагы витаминдерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Күнүнө 4 маал, көбүнчө белоктуу азыктар (мисалы, быштак, кара кесек эт, балык жана башка) менен тамактануу туура. Семирип кеткендерге врач жашылча, мөмө-жемиш, атайын мүнөз тамак сунуш кылат.

Жүрөк ишемия оорусунун алдын алуучу негизги чара — көп кыймылдоо. Акыл эмгеги менен иштегендер физкультура ойноп, сейилдөөгө, кара жумуштарды жасоого тийиш. Дем алыш күндөрдө жана отпуск мезгилинде шаардын сыртына чыгуу, туристтик жүрүштөргө катышуу, лыжа тебүү жана башка сунуш кылынат.

Гипертония оорусун, кант диабетин өз убагында жана системалуу түрдө дарылоо Жүрөктүн ишемия оорусуун кечирээк болушуна шарт түзөт. Адистикти жөндөмүнө ылайык тандоо, эмгекти туура уюштуруу айланасындагы адамдарга сылык, адептүү мамиле жасоого жана сабырдуулукка тарбиялоо да жүрөктүн ишемия оорусунун алдын алуу чараларына жатат.

Кыргыз кардиология илими[оңдоо]

Кыргызстанда кардиология илими заманбап деңгээлге совет доорунда, тактап айтканда, 1950-жылдардан тартып чыккан.

1957-жылы кыргыз кардиологу Иса Ахунбаев Борбордук Азияда алгачкы жолу Бишкекте жүрөккө ийгиликтүү операция жасаган.

Анын шакирттери Кыргызстанда кардиохирургия тармагын андан ары өнүктүрүшкөн.

Кыскача адабият[оңдоо]

  • Ден соолук: Медициналык энциклопедия. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1991. - ISBN 5-89750-008-8.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]