Герман коммунисттик партиясы

Википедия дан

Герман коммунисттик партиясы (ГКП). 1968- жылы сентябрдын аягында ГКПни түзүү боюнча ГФРде Федералдык комитет иштей баштаган.

1969-ж. 12—13-апрелде Эссенде ГКПнин съезди өтүп, анда ал легалдуу саясий партия болуп түзүлгөн. Съезд Федералдык комитетинен өкүлү К. Бахмандын докладын угуп, ГКПнин Программалык билдирүүсүн, Уставын кабыл алган; ГКПнин иш-аракети К. Маркстын, Ф. Энгельстин, В. И. Лениндин илимине негизделип, коомду социалдык кайра курууну көздөөрүн билдирген; Батыш Германияда демокр. өзгөртүүлөрдү жүргүзүү жана ири капиталдын бийлигпн чектөө зарылдыгын белгилеген.

ГКП эмгекчилердин экон., социалдык мүдөөлөрүп коргоо, Германиянын коммунисттик партиясына (ГКП) тыюу салууну алын таштоо, ГДРдин эл аралык укугунун таанылышы ж-a европ. коопсуздук үчүн күрөшүп жатат. ГКП Башкармасынын 7-пленумунда (1970, окт.) советтик-батыш германиялык договордун (1970, авг.) ГФР тарабынап бекитилишине ж-a жүзөгө ашырылышына аракеттенди. ГКП Коммунисттик ж-a Жумушчу партиялардын кеңешмесинин (1969, Москва документтерин кубаттады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.