Гетеротрофтор

Википедия дан
Гетеротрофтор

Гетеротрофтор даяр органикалык заттар менен азыктанууга жөндөмдүү болот. Бул топточулардын кирүүчүлөрдүн бири-бирине болгон мамилеси таатал жана экологиялык жактан үч топко өсүмдүк менен азыктануучулар, эт, кан менен азыктануучу жырткычтарга жана дененин канын соруп жашоочу мителерге бөлүнөт. Жырткычтар менен мителердин азыктануусунун окшоштуктары бар.

Эмне үчүн бүргө, бит, кенелер мителер, ал эми арыс чыкандар, миксин, кан соргуч жарганаттар (вампири) мителер деп аталбайт? Жырткычтар жана мителер азыктануулары жагынан бири бирине жакын, ал эми башка тиричилик-аракеттери жагынан кескин түрдө айырмаланып турат. Накта мителер деп ээсинин денесин сыртында же ичинде болсун маңызы болгон канды сорушуп тамактанып, ошол эле жерлерде көбөйгөндөн аталат.
Жырткычтар болсо ар түрдүү жаныбар менен азыктануу менен чектелишет дагы, ал мителер сымал өзү жашаган ээсинин ичинде же сыртында жашабайт жана ага жерде көбөйбөйт.
Көпчүлүк митенин өзүнө тиешелүү ээси болот, алар белгилүү гана жаныбардын түрүндө мителик кылышат, бирок кээ бир мителер бир нече түрдө жашайт, мис., баш бити жалаң гана адамдын денесинде жашап көбөйөт же болбосо мите-трихинаны алсак, ал чочкодо, адамда, букада, мышыкда, итте жана кээ бир канаттууда жашайт.

Жаратылышта мителер жашоосунун мүнөзүнө карата эки чоң топко бөлүнөт: бирөөлөрү ээсинин сыртында (тери, жүн, чачы) жашап көбөйүп, сырткы мителер деп аталат, ал эми митенин ээсинин ичинде (булчундарда, ичегилер, өпкө, боор, мээ ж.б. мүчөлөрдө жашап, көбөйүүчүлөрү ички мителер деп аталат. Мителер жашаган ээлерин алсыратат, ооруга чалдыктырып өлүмгө алып келет.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]