Чач

Википедия дан
«Чачын жыйнап аткан кыз».

Чач, түктөр. Адамдын бүт денеси (алакан, таман, эринден башка) түк менен капталган.

Бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түк узун жана кыска болот. Чач, сакал, мурут, колтуктагы жана жыныс органдарынын тегерегиндеги жүн — узун, кирпик, каш — кыска. Ал эми майда түк бүт денени каптап турат.

Жайгашылган жери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чачтын теринин үстүнө чыгып турган бөлүгү — өзөгү, териде жайгашкан бөлүгү тамыры болуп эсептелет. Чачтын тамыры ач. түбүнө бекийт. Чачтын кыймылы жылма булчуңдарга байланыштуу болуп, бул булчуңдар май бөлүп чыгаруучу бездерди коргоп турат. Чач тамыры менен түбү биригип чач фоликуласында жайгашат, ал кан тамырлар жана нерв талчалары менен жабдылган. Кайсы жерде жайгашкандыгына карабастан алардын өсүү процесси окшош. Чач тери астында жайгашкан тамырынан өсөт. Тамыры кан тамырлар аркылуу өзүнө керектүү азык заттарды алып турат.

Структурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Теринин катмакат түзүлүш схемасы. Чачтын кылтүбү көрсөтүлгөн.

Чачтын негизги структурасын белоктуу мүйүз катмар зат — кератин түзөт. Анын түсү, аны боёп туруучу пигмент — меланинге байланыштуу. Жаш улгайган сайын пигмент азайып, чач агаруу байкалат. Пигменти такыр жок Чач да кезигет (альбинизм). Чач түбүндөгү клеткалардын көбөйүүсүнүн натыйжасында өсөт. Адам денесинин ар кайсы жериндеги түктөрдүн өсүү ылдамдыгы ар башка. Орточо эсеп менен дени соо адамдын чачы 1 айда 1 смче өсөт. Ар бир тал Чачтын өсүү мезгили бар, андан кийин ал түшөт. Чач 50 жашка чейин жакшы өсөт. Чач дайыма өлүп жана түшүп турат. Өлгөн Чач башты жууп же тараганда оңой түшүп, ордуна жаңысы өсүп чыгат. Чачтын көп түшүшү көбүнчө ооруга, анын ичинде жугуштуу, көпкө созулган өнөкөт ооруларга, ошондой эле Чач түбүндөгү бездеринин функциясына байланыштуу.

Чач оорулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Чач оорулары

Май безинин функциясынын бузулушу Чачты өзгөртүү менен териде майлуу же кургак какачты пайда кылат. Ал себорея оорусунун белгилеринин бири. Чачтын өсүү жана алмашуусунун бузулушу ар кандай себептерге байланыштуу болуп, чачтын түшүшүнө же тескерисинче, өтө жайылып өсүп кетишине (к. Гипертрихоз) алып келиши мүмкүн. Оор жана тар баш кийим, кеп чачты такай кийип жүрүү Чачтын түшүшүн күчөтөт. Ачык тийген күндө, күн суукта да баш кийимсиз көпкө жүрүүгө болбойт, себеби Чач кургап, сынат жана түшөт, ал эми төмөнкү температура теринин үстүңкү кан тамырларын кысып, Чачка керектүү азык заттын келиши азаят. Сакал, мурутту туура эмес алганда түк кайрылып калып, этке кире өсөт да, сезгенүүнү пайда кылат. Кээ бир теринин мите козу карын ооруларында (микроспория, трихофития, таз) Чач жабыркап, анын структурасы бузулат. Чачтын бардык ооруларында врачка кайрылуу зарыл.

Чачты күтүү.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башты ысык суу (агын суу жакшы), жаан суусу же кайнак суу менен жууган жакшы. Суу шор болсо, жумшартуу үчүн ага ичилүүчү соданы (1 л сууга /г чай кашык) кошсо болот. Кургак Чачты 7 — 10 күндө, майлуу Чачты 5—7 күндө бир жолу жууш керек. Майлуу Чачты тез-тез жууй берүү май чыгаруусун күчөтүшү мүмкүн. Чачты жууганга «Детское», «Спермацетовое», «Любимое», «Косметическое» жана Чачка ылайык шампунь колдонулат; кир самын менен жууганга болбойт. Самындын көбүгүн башка жай, тегерете сүйкөп жууш керек. Чачты чайкаган сууга уксус же лимон ширесин (1 л сууга 1 аш кашык) кошуп койсо, Чач жылтырап, үлпүлдөп турат. Сары Чачты ромашканын тундурмасы менен чайкаса жылтырап калат. Кургак Чачты майлуу самын («Спермацетовое», «Ланолиновое», «Косметическое») жана кургак Чач үчүн шампунь менен жууса жакшы; самын ордуна айран же жумуртканын сарысын колдонсо болот. Айранды башка сыйпап, жоолук салынып, 10—15 мин. өткөндөн кийин ысык суу менен таза жууйт; 1—2 жумуртканын сарысын (агынан бөлүп) суу куюлган дагарага куюп, аралаштырып, Чачты жууп, артынан ысык суу менен чайкайт. Чачты жумшак сүлгү менен аарчып кургатуу керек. Жоолук салынуунун кереги жок. Кургак Чачка жуурдан бир нече саат мурда өсүмдүк майын сыйпап койсо жакшы. Кыска чачты түбүнөн, узун чачты учунан баштап тарайт. Кургак Чачты этияттап, кесек жана мокок тиштүү тарак менен тароо керек. Щётка менен тараса, жакшы тазаланат жана Чач учуна чейин майланып, баштын терисинде кан айлануу жакшырат. Щётка катуу, бирок тытып кетпегендей болгону оң. Бирөөнүн тарагы менен щёткасын пайдаланууга болбойт.

Чачты тез өстүрүү үчүн гигиеналык жана эстетикалык максатта кыркат, ал эми устара менен алуу аны өстүрбөйт. Чачты тармалдоонун алдында башты жууп, өтө кургай электе чачты пиво, лимондун ширеси же атайын суюктук менен нымдайт. Чачты тармалдоого кирпи деп аталган пластмасса бигудилер ыңгайлуу, ошондой эле электр жана ысык бигудини пайдаланууга болот. Бигудинин диаметри чачтын коюулугуна жараша тандалат. Мисалы, көкүл жасоо үчүн чоң диаметрлүү, желкедеги кыска чачка ичке бигуди туура. Фенди (үйлөтмө тармалдагыч) пайдалануу алда канча ыңгайлуу. Кургаган Чачты адегенде тарак, анан щётка менен тарап, каалагандай ороп жасоого болот. Азыраак лак сээп, катырып койсо жакшы. Чачты тармалдоодо кыпчуурду да (эки жумада бир жолу гана) пайдаланат. Ал өтө ысык болбоого тийиш. Тармал көпкө сакталыш үчүн кыпчуурга Чачты узагырак кармоо, ошондой эле химиялык жол менен тармалдоо керек. Химиялык тармалдоодо колдонулуучу тиогликоль кислотасы Ч-тын түзүлүшүн бузат. Кош бойлуулуктун акырында, этек кир учурунда химиялык тармалдоого жарабайт.

Чачты боёо үчүн өсүмдүк боёкторун — хна, басма, көк жаңгактын, пияздын кабыгын колдонуу керек. Химиялык боёктордон Гамма, Риолдун зыяны аз. Каш, кирпиктерди түшүрбөй сактоо үчүн щётканы кастор майына (бир нече тамчы А витаминин кошуп койгон оң) малып, көз сурмасын жеңил массаж жасоо сунуш кылынат. Майды көзгө түшүрбөй, өтө этият жасаган оң. Күн карама, вазелин, зайтун майы да кирпикти жумшартып, өстүрөт. Боёлгон каш, кирпикти түн ичинде жууп салуу керек. Ушул учурда суу менен самындап жууган жарабайт, себеби көздүн тегереги кургап, бырыш түшүп кетет. Ошондуктан өсүмдүк майы, майлуу бет май же жылуу суу менен тазалайт.

Чачтын агаруусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Чач агаруу

Пигменттердин жоголушунан чачтын туруктуу түссүздөнүшү. Ал организмдин картайышы менен коштолот. 35—40 жаштагы адамдардын чачы анда-санда агара баштайт. Бирок айрым учурда жаштарда да пайда болот. Адегенде саамай чач, кийин бүт баштагы чач агарат, кийинчерээк каш, кирпикти ак басат. Улгайган кезде чачтын толук агарышы физиологиялык көрүнүш болуп эсептелет. Ал эми жаштардын чачынын агарышы нерв системасынын, ички секреция бездеринин ишинин бузулушу, витамин жетишсиздигинен, аз кандуулуктан, катуу чарчоодон, катуу кайгыруудан болушу мүмкүн. Чачтын эрте агарышы тукум куума да болуп, жакын туугандардын арасында кездешет. Агарган чачты калыбына келтирүүгө болбойт. Бирок косметикалык максатта өсүмдүктөн алынган (басма, хна, көк жаңгактын кабыгы) же химиялык боёктордун жардамы менен боёсо болот. Мындан сырткары калыбына келтиргичтер колдонулуп, бирок анда коргошун болгондуктан көпкө пайдаланууга болбойт. Мындай калыбына келтиргичтер кош бойлуу аялдарга, бөйрөгү ооругандарга, бала эмизген энелерге сунуш кылынбайт.

Чач узартуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызча чач узартуу ыкмасы. Бул технология эксперт бир тал ок атуучу курал колдонот турган жагдай: стиракс дүлүктүрүү, камтыйт.

Германиянын курулуш технологиясы. Табигый чач жана кошумча катар атайын патрондор менен кошулуп жаткан тартиби дагы бир ысык түрү. Бул ыкма пленка жылуулук аспап жана тартиби мөөрлөнүп 120 градуска температурасын колдонот камтыйт.[1]

Чачтын түшүүсу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Базз Олдрин (1969-жыл).
Негизги макала: Чач түшүү

Чачтын кескин суюлушу же баштын айрым жеринин (же бүтүндөй) такырланышы. Кары кишилерде Чачтын түшүүсү алардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша теринин өзгөрүлүшүнө байланыштуу жана чачтын агаруусу сыяктуу эле физиологиялык көрүнүш. Эрте Чачтын түшүүсү бардык эле курактагы адамдарда кезигет. Ал өзгөчө ден соолуктун бузулушуна байланыштуу болот. Мында чач, каш, кирпик, сакал, мурут жана колтук жүндөрү түшөт. Мындай Чачтын түшүүгө негизинен себорея оорусу себеп болот. Өзгөчө балдарда айрым жугуштуу оорулардан (сасык тумоо, безгек, дизентерия жана башкалар) кийин, витамин жетишсиздигинде (өзгөчө А, С, В1, В6), ичеги-карын, боор, калкан бездин, нерв системасынын өнөкөт ооруларында байкалат. Өтө чарчоодо, уйку качууда, окуучуларда экзамен учурунда чач күчөп түшөт. Аялдарда чачты катуу тартып байлаганда, чачты асемдеп тараганда чач көбүрөөк түшөт. Эркектерде эрте Чачтын түшүүсү көп байкалат, адегенде маңдай жана төбө чачы, кийинчерээк чачынын баары түшөт. Мындай Чачтын түшүүсү көбүнчө бир туугандарда байкалат жана баш терисинин тукум куума өзгөчөлүгүнө (калыңдыгы, кан менен камсыз болушу) байланыштуу болот. Айрым учурда чач тегерек болуп такырайып түшөт. Ага нерв, эндокрин системасынын бузулушу, организмдин жалпы уулануусу (тиштин чириши, тонзиллит, гайморит жана башкалар өнөкөт инфекциядан) себеп болот. Анда капысынан 15—20 тыйындын көлөмүндөй тегерек так байкалат. Такыр жер улам чоңоёт. Айрым учурда чачтын баары түшүп, баш бүт такыраят. Оорунун мындай формасы өнөкөт түрүндө өтөт жана оңой менен айыкпайт. Айрым учурда дарыны узакка пайдалануудан, чачты туура эмес күтүүдөн да чач түшөт.

Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек. Дарылоо Чачтын түшүүсүнүн себебине жараша жүргүзүлөт. Адатта Чачтын түшүүгө себеп болгон негизги ооруну таап дарылаганда чач калыбына келип өсө баштайт. Жеткиликтүү, витаминдүү (өзгөчө А, С, В) тамактануу, ден соолукту чыңдоо, убагы менен сейилдөө, таза абада эмгектенүү, чачтын калыбына келүүсүнө, туура өсүүсүнө түрткү берет.

Кесиптик шампунь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кесиптик каражаттар эки жолу локондорго колдонулат. Биринчи нан булгануулар тазаланышы камсыз кылат, ал эми экинчиси – өзү сактоо жана тамак-аш.[2]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Чач бутактары түрлөрү.. Текшерилген күнү 26 -ноябрь (жетинин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2020.
  2. Кесиптик чач шампунь.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8