Гештальтпсихология

Википедия дан

Гештальтпсихология (нем. Ges­talt— бүтүндүк форма, образ, структу­ра) — психол. татаал кубулуштарды талдоодо структура принцибин колдонуу зарыл деп эсептеген чет өлкөлүк идеалисттик психологиянын бир багыты.

Гештальтпсихология 20-кылымдын башында Германияда пайда болгон. Гештальтпсихологияга фон Эренфельс негиз салган (1890).

Гештальтпсихологиянын башкы өкүлдөрү: немец психологдору М. Вертхеймер, В. Кёлер, К. Коффка, К. Левин. Г. психиканын алгачкы жана негизги элементин сезим эмес, кандайдыр бир психикалык структуралар же болбосо «гешталмтар» түзөт дейт. Гештальтпсихология теориясы индивиддин айлана-чөйрөдөн жана практикалык иш-аракетинен ажыратылгандыгына негизделген. Гештальтчылар психикалык бүтүндүктүн пайда болушун ички субъективдүү «закондор» менен түшүндүрүшүп, идеалисттик көз карашты жакташкан. Кийинчерээк Гештальтпсихология идеясы (айрыкча «гештальт» түшүнүгү) физ., физиол., ал турсун экон. кубулуштарга жайылтылган. Гештальтпсихологиянын теориялык негиздигин И. Павлов, ошондой эле психолог-материалисттер (Л. Выготский ж. б.) тарабынан катуу сынга алынган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.