Гиперреализм

Википедия дан

Гиперреализм (англисче hyperrealism) – 1960-ж. ортосунда АКШда пайда болгон жана башка өлкөлөргө 1970-ж. кеңири тараган живопись менен скульпторлуктагы (скульптура) багыт. Фотографияны деталына чейин көчүрмөлөп, аны чоң полотнонун көлөмүнө чейин чоңойтуу бул ыкманын негизин түзөт. Фотосүрөттөлүштүн бардык өзгөчөлүктөрүн сактап калуу менен өзүмдүк көрө билүү, колдун жеке таандык (индивидуалдык) кыймыл таасирин жокко чыгаруу үчүн, гиперреалисттер көчүрүүнүн механикалык ыкмалары – диапроекция, масштабдык торчо, жебилге ордуна аэрографияны, даяр картинанын үстүнкү бетин жылмалоону (шлифовка) колдонушкан. Натыйжада фотография инфраструктурасынын толук кайталанышы келип чыккан. Дүкөндөр, ресторандар, бензин куюучу станциялар, стандарттык турак жай имараттары, тейлөө автоматтарынын көрүнүшү, башкача айтканда, урбанисттик курчоодогу дүйнө – гиперреалисттердин типтүү (мүнөздүү) сюжеттерин түзөт. Муну менен бирдикте жалтыраган, үстүнкү бетти чагылдырган айнек, жылма пластика, целлофан, автомобилдердин жалтырак кузовдоруна лак менен сырдалган жабдууларга жылмаланган, гранитке өзгөчө көңүл бурулат. Мындай үстүнкү беттердеги кылдаттык менен калыбына келтирилген чагылышуу оюндапы мейкиндик зоналарынын өз ара сиңип кетүү таасирин, пландардын өз ара катыштарынын чаташып калышып түзөт жана муну менен механикалык так сүрөттөө көрүүчүнү адаштырып, иррационалдык мүнөзгө өтөт. Живопистеги Г-дин америкалык ири өкүлдөрүнө: Дон Эдди, Ричард Эстес, Ральф Гоингс, Роберт Коттингем, Бен Шонцайт, Малколм Морли жана портретист Чак Клоуз кирет. Г. скульпторлору (Джон де Андреа, Дуэйн Хэнсон) тирүү фигуралардан муляж жасашкан, натурага окшош кылып боёшкон жана даяр кийим кийгизишкен. Г-дин өзгөчө варианты 70-жылдары Эстонияда (Андо Кесккюла, Рейн Таммик, Хейти Полли) Латвияда (Миэрвалдис Полис), Россияда (А. А. Волков, А. И. Петров, Е. И. Амаспюр), Украинада (С. А. Гета, С. А. Базильев) калыптанган. Алардагы жалпылыктар заманбап турмушка болгон көз караштын күтүлбөгөн образдуу эффектин (натыйжалуулугун) батыш Г. техникасы менен айкалыштыруу жана бул максаттар үчүн живопистик жана графикалык каражаттарды пайдалануу болгон. Г. мындан сырткары фотореализм, муздак реализм, кескин фокустук реализм, радикалдык реализм деп да аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]