Гипертензия, гипертония

Wikipedia дан

Гипертензия, гипертониябиология менен медицинада кан тамырлардагы суюктуктун (кан, лимфалар) басымынын жогорулашын, ошондой эле булчуңдун күчөп чыңалуусун билдирүү үчүн колдонулуучу терминдер. «Гипертензия» деп кан (же лимфалар) басымынын жогорулашын, ал эми «гипертонияны» булчуңдун абалын мүнөздөө үчүн колдонуу туура.

Артериялык гипертензия гипертония оорусунда кан басымынын жогорулашынан (биринчилик), гипертония оорусунан эмес башка оорунун белгиси (симптомдук артериялык гипертензия) катары пайда болот. Айрым оорулар (мисалы: бөйрөктүн сезгениши, бөйрөк кан тамырларынын жабыркашы, ички секреция бездеринин функциясынын бузулушу) көп учурда билинбей өтүп, артериялыкгипертензиянын байкалышы ал оорулардын алгачкы белгилеринен болуп эсептелет. Артерия басымы 160/95мм сымап мамененан жогору болгондо артериялык Гипертензия деп эсептелет. Артериялык гипертензиянын 80—85%и гипертония оорусуна, калган 15—20%и симптомдук (экинчилик) гипертензияга жатат.

Экинчилик гипертензия бөйрөктүн тубаса жана кийин пайда болгон оорусунан, бөйрөк артериясынын, жүрөк тамырларынын жабыркашынан, эндокрин жана борбордук нерв системасынын ооруларынан (мээ шишиги, травмасы, кан куюлуу жана башка) болот.

Артериялык гипертензия жогорку басым өтө жогору болсо — систолалык, төмөнкү басымы бир аз жогору, нормада же бир аз төмөн болсо диастолалык деп аталат. Мындай артериялык гипертензияга адатта токтоосуз дарылоо чарасын көрүүнүн зарылдыгы жок. Көп учурда гипертензия диастолалык мүнөздө болот; бул калыбы үзбөй дарылоону талап кылат.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8