Антонио Грамши

Википедия дан
Грамши, Антонио‎»‎ барагынан багытталды)
Антонио Грамши

1920 жылдардагы сүрөт
Толук аты-жөнү Антонио Грамши
Англис тилинде Antonio Gramsci
Төрөлгөн 22.01.1891
Алес, Сардиния
Көз жумган 27.04.1937
Рим, Италия
Доор XX кылымдын философиясы
Аймак Батыш философиясы
Мектеп Марксчылык
Кызыккан темалар Саясат, Идеология, Социология, Тарых философиясы
Олуттуу идеялары Гегемония, Интеллигенция жана революция, Историцизм

Антонио Грамши (1891–1937) –Италия коммунисттик партиясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү.

1911–14-ж. Турин университетинин филология факультетинде окуган. 1913-ж. италия социалисттик партиясына кирген, социалисттик партиядагы реформизмге каршы күрөшкөн. 1917-ж. Баш оонада социалисттик партиянын жергиликтүү катчылыгына шайланган, 1924-ж. үчтүн айында Италия социалисттик партиясынын Либарнодо болгон 17-съездинде Италия Компартиясын негиздеген. 1924-ж. демилгеси менен «Унита» газетасы чыга баштаган. 1928-ж. аны фашисттер 20-жылга кескен.

Грамшинин эмгектери Италияда марксчыл философтордун, тарыхчылардын калыптануусунда чоң роль ойногон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8