Гречко Прокопий Данилович

Википедия дан

Гречко, Прокопий Данилович (1878–1932) – Пржевальск уезддик большевиктер уюмун уюштургандардын жана анын жетекчилеринин бири. 1905–07-жылдары революцияга катышкан. 1909-жылы Пржевальск уездиндеги Липенка кыштагында революциячыл иштерге катышкандардын кыштактык тобун уюштурган.

1914–18-жылдары биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. 1918-жылдары июлда Пржевальскиде большевиктик уюмдун төрагалыгына дайындалган. Кийин Пржевальск уезддик советинин жана Эл Комиссарлар Советинин Нарын революциячыл комитетинин төрагасы болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]